Эгей деңизинде 90 бозгун кармалды

Алар Грецияга качууга аракет кылышкан

562567
Эгей деңизинде 90 бозгун кармалды

Измирдин Чешме районунда эки башка кайык менен мыйзамсыз жолдордон Грецияга качууга аракет кылган жана көпчүлүгү сириялык болгон 90 бозгун куткарылды.

Жээк коопсуздугун сактоочу топтор, Чешменин Алтынкум аймагынан таңга маал Сакыз аралына карай жол тарткан кайыкты токтотту.

Үйлөтүлгөн кайыкта 32си сириялык, бири камерундук бардыгы 33 көчмөн качкын кармалды.

Коопсуздукту сактоочу топтор, ушул эле аймакта чөгүп бараткан дагы бир кайыкты токтотту жана ичиндеги сириялык 57 көчмөндү куткарды.



Тектеш кабарлар