Түркиянын тышкы иштер министри Грецияга ыраазычылык билдирди

Мевлүт Чавушоглу Крит аралына барды

561259
Түркиянын тышкы иштер министри Грецияга ыраазычылык билдирди

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүп, Түркиядагы демократияга колдоосунан улам Грецияга ыраазычылык билдирди.

Чавушоглу төңкөрүш аракетинен кийин Европага алгачкы сапарын Грецияга жасады.

Грециянын тышкы иштер министри Никос Кодзиастын чакыруусу боюнча Крит аралына барган Чавушоглу, бул жердеги расмий болбогон жолугушууда кесиптеши менен аймактагы маселелер жана эки тараптуу алакаларды сүйлөштү.

Фетуллахчы террор уюмунун төңкөрүш аракетине каршы Грециянын мамилеси түрк элин кубандырганын баса белгилеген Чавушоглу, Түркиянын 15-июль түнү башынан өткөргөн коркунучту Европа өлкөлөрүнүн арасында Греция менен грек элинен башка дагы жакшы эч ким түшүнбөй турганын айтты.

Кипрде уланып жаткан сүйлөшүүлөргө да токтолгон Мевлүт Чавушоглу: «Чечүүчү жол табуу үчүн ортого салынган бардык аракеттерди колдойбуз»,-деди.

Грек министр да Чавушоглу менен жолугушуусунун эки өлкө менен катар аймак үчүн да маанилүү экенин сөз кылды.

Ошондой эле Грецияга баш калкалаган төңкөрүшчү аскерлер тууралуу, бул качып кеткен аскерлердин төңкөрүш аракетине канчалык кошулгандары аныкталгандан кийин грек сотунун Греция жана Европа укуктарына жараша өкүм чыгара турганын билдирди.

Ал эми Грецияга качып кеткен 8 төңкөрүшчүнүн суракка алынышы 2 күндүн ичинде аякташы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар