Түркиянын экономикалык ийгилигине суктануудабыз

Бинали Йылдырым Пакистандын Пенжап провинциясынын премьер-министри Мухаммед Шахбаз Шариф менен Ченгелкөйдөгү Вахдеттин сарайында жолукту.

560738
Түркиянын экономикалык ийгилигине суктануудабыз

Премьер-министр Бинали Йылдырым Стамбулда дүйнөнүн эң кеңири көпүрөсү болгон «Явуз Султан Селим» көпүрөсүнүн ачылыш аземине катышуу үчүн Стамбулга келген Пакистандын Пенжап провинциясынын премьер-министри Мухаммед Шахбаз Шариф менен Ченгелкөйдөгү Вахдеттин сарайында жолукту.

Өкмөт башчы Йылдырым эки өлкөнүн ортосундагы достук жана колдошуу карым-катанштарын баса белгиледи.

Бинали Йылдырым анда Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы Пакистандын Түркияга колдоо көрсөтүүсүн мактоо менен кабыл алганын айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын алдыдагы мезгилде да улана турганын баса белгилеген өкмөт башчы Йылдырым, Пенжап провинциясындагы долбоорлордун чечкиндүүлүк менен улана турганын да белгиледи.

Пенжап провинциясынын премьер-министри  Шахбаз Шариф да Түркиянын экономикалык ийгилигинин илхом булагы болгонун сөз кылды.

Шахбаз Шариф Пакистан калкынын көңүлүндө өзгөчө орду болгон Түркия менен кызматташууну бардык тармакта өнкүтүрүүнү каалагандарын билдирди.

Шариф жолугушууда айрыкча төңкөрүш аракети убагында жана террордук кол салууларда каза болгон шейиттердин жаткан жери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилеп, Түркияга толук колдоо көрсөткөндөрүн кайталады.



Тектеш кабарлар