Жераблуста жарылуучу заттар жок кылынууда

Эркин Сирия армиясы Жераблусту толугу менен көзөмөлгө алды.

560286
Жераблуста жарылуучу заттар жок кылынууда

Эркин Сирия армиясынын аскердик күчтөрү, Сириянын түндүгүндө Түркия чек арасындагы Жераблус жана Чобанбей аймактарында террордук уюм ДЕАШтан 5 айылды көзөмөлгө алып илгерилеп баратат.

Бир тараптан Сириянын Халеб шаарына караштуу Жераблус районунда Эркин Сирия армиясы, террордук уюм ДЕАШ тарабынан жайгаштырылган жарылуучу заттарды жок кылууда.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында Эркин Сирия армиясы Жераблусту толугу менен көзөмөлгө алды.

Түркия чек арасындагы Каркамыш чек ара бекетине жакын жерде террордук уюм ДЕАШтын мүчөлөрү тарабынан жайгаштырылган жарылуучу заттар Эркин Сирия армиясынын аскерлери тарабынан табылып жатат. Жарылуучу заттар коопсуздук чараларынан кийин жок кылынууда.  

Аймакта болсо жашоо калыбына келе баштады. Айрым ишканалар кайрадан ачылып, эл көчөлөргө чыкты. Өзгөчө балдар көчөлөрдө оюн ойноп жатканда, соодагерлер дүкөндөрүн жыйнады.  

Оор мезгилден өткөндөрүн сөз кылган соодагерлер, кайрадан эркиндикке чыккандары үчүн абдан кубанычтуу экендиктерин айтты.



Тектеш кабарлар