Эрдоган Маттареллага көңүл айтты

Эки лидер кечээ кечинде телефон аркылуу сүйлөшүштү.

560189
Эрдоган Маттареллага көңүл айтты

Президент Режеп Тайип Эрдоган Римге жакын жерде болгон жер титирөөгө байланыштуу Италиянын президенти Сержо Маттареллага көңүл айтты.

Президент Эрдоган менен Италиянын президенти Сержо Маттарелла кечээ кечинде телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Римдеги жер титирөөгө капа болгонун белгилеген президент Эрдоган, Түркия катары итальян элининин кайгысын тең бөлүшкөндөрүн жана ар түрдүү жардамга даяр экендиктерин баса белгиледи.

Италиянын президенти Маттарелла да Түркиядагы төңкөрүш аракетинин токтотулушуна абдан кубангандарын баяндап, демократиянын ар дайым корголушу керектигине ишенгендерин айтты.

Маттарелла Италиянын Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүн да колдогондугун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар