Премьер-министрдин билдирүүсү

Түрк куралдуу күчтөрү жүргүзүп жаткан операциялар аркылуу чек аралар террордук уюмдардан тазаланат

559921
Премьер-министрдин билдирүүсү

Премьер-министр Бинали Йылдырым Сириянын түндүгүндө, Түркиянын түштүгүндө артка кайткыс жагдайдын жаралуусуна уруксат берилбей турганын айтты.

Социалдык тармактардын бири Твиттердеги билдирүүсүндө, Түрк куралдуу күчтөрү жүргүзгөн операциялар аркылуу чек аралардын, эң биринчи ДЕАШ менен катар бардык террордук уюмдардан тазаланышынын максатталганын баса белгиледи.

Билдирүүдө: «Сириянын түндүгүнөн Түркияга карай эч бир коркунучтун жок экени аныкталганга чейин бул операциялар уланат. Сириянын түндүгүндө, Түркиянын түштүгүндө артка кайткыс жагдайдын жаралышына уруксат берилбейт»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар