Босфор кысыгына салынган үчүнчү көпүрө ачылды

"Явуз Султан Селим" көпүрөсүнүн ачылышына дүйнө жүзүнөн лидерлер катышты.

560115
Босфор кысыгына салынган үчүнчү көпүрө ачылды

Cтамбулдун Босфор кысыгына салынган үчүнчү көпүрө болгон «Явуз Султан Селим» көпүрөсү дүйнөлүк лидерлер да катышкан азем менен ачылды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын максаттарын көздөй кадам-кадам жакындап баратканын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Явуз Султан Селим» көпүрөсүнүн ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, «Бул улут эмнеге ылайык болсо булардын бардыгы болот. Ошондуктан өнүккөн цивилизациялар деңгээлинин үстүнө чыгуу куру сөз менен болбойт, кылган иштер менен болот»,-деп айтты.

Эрдоган: «Бул көпүрөнүн дөңгөлөктүү унаалардын өтүшү жана темир жол системасынын өтүшүн бирге камсыздаганынан өз тармагында дүйнөдө алдыңкы көпүрө, ушундай өзгөчөлүккө ээ. Учурда сыймыктануу менен көрүп турган бул көпүрө дүйнөдө бир топ нерсеге, берүүлөргө жол башчылык кылаарына ишенемин. Муну менен сыймыктанабыз. Анткени дүйнөлүк фильмдер бул жерде тартылат, муну көрөсүздөр. Эшек өлсө артка ээри калат, адам өлсө артка чыгармасы калат. Биз булар менен эскерилебиз. Бул жолду ушулар менен улантабыз»,-деп айтты.

«Жаңы даярдыктарыбыз бар. Эмне кылуудабыз? Буюрса «Канал Стамбулдун» да даярдыктарын бүтүрөбүз»,-деп айткан Эрдоган сөзүн мындай улады: «Бул да жетпейт. Эми Чанаккалеге да бир дуга керек. Чанаккале көпүрөсүнүн да даярдыктарын жасап жатабыз. Буюрса булардын баары бүткөндө дүйнөдө Түркиянын башкача орду болот. Эмнеге көрө албай жатышат бизди? Эмнеге кызганып жатышат бизди? Мына ушулардан улам».

«Мамлекеттин ичинде мамлекет эч качан болбойт. Ушундай эйферияга  кабылгандар калган каткандарын чогултуп алып кетип жатышат», деген Эрдоган: «Эмне дедик эле? Ийиндерине киребиз деген элек. Кирдикпи? Кирдик»,-деди.

Эрдоган: «Жекшемби күнү Газиантепке барамын, көңүл айтууга барамын. Ал жердеги шейиттерибизди эскерүүгө барамын. Анткени муну унутпагын; эгер лидер таштын артына жашынып алса, улут, армия тоонун артына жашынат. Бул бир буйрук сылык болуп эсептелет, ошондуктан үстүнө басышыбыз зарыл»,-деди.

Президент Эрдоган сөзүн мындай улантты: «Бүгүндөн артка кылчайып караганыбызда, улут катары 2200 жылдык мамлекет жана армия салтына, 1400 жылдык цивилизация мыйзамына, 1000 жылдык аймакка ээ болуу уландыбыз бар. Байыркы тарыхыбыздын эң маанилүү өзгөчөлүгү - биримдик жана ынтымак менен иш-аракет кылганыбызда ашып өтө албай турган эч бир маселе, жете албай турган эч бир максат болбогону. Мындан 100 эле жыл мурда Чанаккале жеңишине, андан соң Боштондук согушуна улут катары биримдик жана ынтымакка ээ болуп жетиштик. 15-июлда ошондой эле улутубуздун бир денедей болуп төңкөрүшчүлөрдүн алдынан чыгышы аркылуу натыйжага жетиштик. Буюрса мындан ары да араздашууга, жалаа жабууларга кирбестен ушундай түрдө жолубузду улантабыз».

Эрдоган: «15-июль да өткөндө көп жолу интригалар бузулгандай күн болду. Түркия кемчилик кетирбей, тигилердин төңкөрүш аракети ишке ашпай калганда ПКК жана ДЕАШ менен чыныгы жүзүн дагы бир жолу көрсөтүштү. Түркия террор менен күрөшүүдөн артка кадам таштабаган соң Жераблус операциясы да башталганда жаңы операцияларга киришишти. Урматтуу Кылычдароглуна карай кол салууга ушундай баа берсек болот. Түркиянын биримдиги бутага алынды, анткени алар муну көрө алышпайт. Акыл-эстүү мамилесинен улам урматтуу Кылычдароглуна ырахмат айтамын»,-деди.

Эрдоган, 31-август түнүнө дейре көпүрөдөн өтүүлөр бекер боло турганын жарыялады.

11-Президент Абдуллах Гүл да өз сөзүндө: «Бул укмуштуудай көпүрөнүн пайдубалын 3 жыл мурда президент катары түптөгөн элек. Стамбулда жашоо мындан кийин абдан жеңилдейт»,-деп айтты.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Төрагасы Исмаил Кахраман да өз сөзүндө: «Түркиябыз өнүккөн сайын жана ушундай курулуштары менен илгерилеген сайын жол тороолор болуп жатат. Жакында эле кара түндү башыбыздан өткөрдүк жана 20 сааттык кыска убакыттын ичинде ошол кара күндөн ашып өттүк. Буюрса ушундай кара күндөр экинчи болбойт»,-деди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да аземдеги сөзүндө, «Бүгүн Стамбул үчүн улуу күн. 26-август 1071-жылдагы  Малазгирт жеңиши болгон күн. Стамбулдун каалгаларын ачкан Султан Алпарсландын руху жайлуу болсун. 15-июлда Түркиянын келечеги үчүн жанын аябаган шейиттерибиздин рухтары жайлуу болсун»,-деди.

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым, «Явуз Султан Селим» көпүрөсү Стамбулдун транспортун кыйла жеңилдете турганын айтты.

Стамбул кысыгынын Карадеңизге караган түндүк тарабында курулган көпүрөгө 9-Осмон падышасы Явуз Султан Селимдин аты коюлду.

«Сал-иштет-өткөрүп бер» модели менен 39 айда бүтүрүлгөн көпүрөгө орто эсеп менен 4,5 миллиард доллар сарпталды.

Стамбул кысыгынын эки жээгин 3-жолу бири-бирине кошуп турган көпүрө 8 тилке авто жолу 2 тилке темир жолу болуп бардыгы 10 тилкеден турат.

«Явуз Султан Селим» көпүрөсү 59 метр кеңдиги менен дүйнөнүн эң кенен, 1408 метрдик эки тирөөч ортосундагы аралыгы менен үстүндө темир жолу да болгон эң узун асма көпүрө жана 320 метрден ашык бийиктиги менен дүйнөнүн эң бийик мунаралуу көпүрөсү болуп саналат.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар