Байден абдан таасир алып кайтты

Президенттин басма сөз катчысы Калын CNN Интернейшнлдин түз эфиринде Кристиан Аманпурдун коногу болду.

560050
Байден абдан таасир алып кайтты

 

Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Сириянын Жераблус аймагына карай «Эвфрат калканы» операциясы, Мүнбич операциясы темасындагы келишимибиз ЙПГ жана ПЙДнын операциядан кийин Мүнбичте калбоосу жөнүндө болчу.  Учурда болуп жаткан бул»,-деп сереп салды.

Президенттин басма сөз катчысы Калын CNN Интернейшнлдин түз эфиринде Кристиан Аманпурдун коногу болду.

Ибрахим Калын Жераблуска карай «Эвфрат калканы» операциясынан тартып Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысы Гүлендин кайтарылышы тууралуу абалдарга баа берди.

Террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ жана ПЙДнын келишимге ылайык Эвфраттын чыгышына чыгып кетүүлөрү керектигин баса белгилеген Калын, Түркиянын күрт жарандары менен эмес, террорист топтор болгон ПКК менен анын туундулары ПЙД жана ЙПГ менен маселеси бар экенин белгиледи.

Эркин Сирия армиясынын аймактагы таасирине да көңүл бурган Калын, Эркин Сирия армиясынын Жераблустагы террор уюму ДЕАШты толугу менен тазалай тургандарын, ошону менен ЙПГнын аймакта жалгыз таасирдүү күч экендиги жөнүндөгү айтымдардын туура эместигин ортого сала тургандарын сөз кылды.

Ибрахим Калын АКШнын вице-президенти Жо Байдендин Түркия сапарында ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлен туурасында сүйлөшкөндөрүнө да токтолду.

Гүлендин кайтарылуу процессинин башында экендиктерин белгилеген Калын, Байдендин бул сапарында 15-июль түнүндө ишке ашпаган төңкөрүш аракетинде Парламент менен кошо бомбаланган жерлердин көрүнүштөрүнөн таасир алганын, Түркиянын Гүлен темасында канчалык олуттуу экендигин байкаганын белгилеп кетти.

Президенттин басма сөз катчысы Калын, төңкөрүш аракетин териштирүүнүн алкагындагы кызматтан алуулар, кармоолор жана камоолорго байланыштуу,«Биз өч алуу үчүн кыймыл кылган жерибиз жок, адилеттик үчүн укуктун негизинде ишибизди кылабыз»,-деди.

Эң оболу 15-июль төңкөрүш аракетине катышкан мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттен толугу менен тазаланышына аракет кылгандарын баса белгилеген Калын, максаттарынын Түркияда экинчи аскердик төңкөрүш деген нерсе болбошу үчүн күч жумшап жаткандарын айтты.



Тектеш кабарлар