Жо Байден Анкарада

Байден Анкарада президент Эрдоган, Парламент төрагасы Кахраман жана Премьер-министр Йылдырым менен жолугат.

558160
Жо Байден Анкарада

Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти Жо Байден Анкарада.

Байден Анкарада эң оболу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман менен жабык эшик артында жолугушуу өткөрөт. Андан соң 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде бомбаланган Парламент имаратын кыдырат.

Чанкая сарайында премьер-министр Бинали Йылдырым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрө турган Жо Байден, эң акырында президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан президенттик комплесинде кабыл алынат.

Жабык эшик артында өтө турган жолугушуудан кийин Байден, бүгүн кечинде Түркиядан кайтып кетет.

Премьер-министрликтин Жо Байдендин сапары тууралуу жарыясында, «15-июлда төңкөрүш аракетинен кийин АКШ тарабынан өлкөбүздө боло турган жогорку деңгээлдеги сапарда, АКШ менен эки тараптуу карым-катнаштарыбыздын бардык жагынан каралып чыгышы көздөлүүдө»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар