Түрк куралдуу күчтөрүнүн Жераблусту террористтерден тазалоо операциясы башталды

6 чамаларында Түрк куралдуу күчтөрүнө караштуу аскердик учактар менен аймак бомбаланды

558083
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Жераблусту террористтерден тазалоо операциясы башталды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн орток атайын күчтөрү жана коалициянын аба күчтөрү тарабынан Сириянын Халеп шаарына караштуу Жераблус аймагынын террордук уюм ДЕАШтан тазалануусу максатында кыймыл башталды.

Аймак пушка жана аскердик учактар менен бомбаланууда. Пушка жана ракеталар менен саат 4 чамаларында башталган атышуулардан кийин саат 6 чамаларында Түрк куралдуу күчтөрүнө караштуу аскердик учактар менен аймак бомбаланды.

Ф – 16лар Жераблус жана Кеклижедеги буталарын аткылоодо. Кыймылдын максатынын чек ара коопсуздугун түзүү экендигин белгилеген аскердик булактар 63 бутага 224 атуу болгондугун билдиришти.

Кыймылдын негизинде аба күчтөрү тарабынан атылуусу пландалган 12 бутанын баары толугу менен аткыланды. Артиллериялык жана пулемет атуулары менен 70 бута жардырылды. Кеклиже жана Жераблус аймагында белгиленген буталарга карата абадан жаслаган чабуулга аба күчтөрү командирлигине таандык Ф – 16 учактары да катышууда. Түрк куралдуу күчтөрүнүн атайын күч элементтеринин да Сирия жерлерине киргендиги кабар берилди.

 

Операцияда мурунтадан белгиленген ДЕАШ бутасы таасирсиз абалга алып келинди.

Кыймыл менен чек ара уюмдарынан тазалануусу жана чек ара коопсуздугунун күчтөндүрүлүшүнө салым кошуу, ошол эле учурда Сириянын жеринин бүтүндүгүн сактоо пландалууда.

ДЕАШ менен активдүү күрөшкөн Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциялары коалиция күчтөрүнүн бул террордук уюмга каршы жүргүзгөн иштерине маанилүү салым кошууда.

Бул кыймылдын саясында жаңы көч толкундарынын алдын тосуу, аймактагы жарандарга гуманитардык жардам жеткирүү жана аймактын террордук группалардан тазалануусу максат кылынууда.

Операция менен Түркия республикасына жана калкына кол салган, күнөөсүз кишилерди өлтүргөн террордук уюмдар менен активдүү күрөшүү, бул тууралуу эл аралык коом жана коалиция күчтөрү менен кызматташтык ичинде иштөөнү улантуу максат кылынууда.

Операциялар тууралуу дипломатиялык демилгелер да ишке ашырылып, ушул алкакта Орусияга операция тууралуу маалымат берилди.

 



Тектеш кабарлар