Байден Анкарада жолугушууларын улантууда

Байден төрага Исмаил Кахраман менен жолукту.

558266
Байден Анкарада жолугушууларын улантууда

Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти Жо Байден Анкарада.

Байден Анкарадагы жолугушууларынын алкагында өзүн коштогон делегация менен бирге эң оболу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынына барды.

Байден төрага Исмаил Кахраман менен жолукту.

Кахраман дос жана шериктеш АКШнын вице-президенти Байденге сапарынан улам ырахматын айтты.

Байден да капа болгондорун сөз кылып: «Окуянын (төңкөрүш аракетинен) эртеси күнү бул жерде болгум келди»,-деди.

Жолугушуу андан соң басма сөзгө жабык түрдө уланды.

Жо байден Кахраман менен жолугушуусунан кийин  Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде бомбаланган Парламент имаратын кыдырып чыкты.

АКШнын вице-президенти андан соң Чанкая сарайына өтүп Бинали Йылдырым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүдө.

Жо Байден эң акырында президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан президенттик комплексинде кабыл алынат.

Президенттик комплекске бара турган алгачкы АКШлык лидер боло турган Байдендин Эрдоган менен жолугушуусу жабык эшик артында өтөт.

Байден жолугушуудан кийин Түркиядан кайтып кетет.

 



Тектеш кабарлар