Аймактагы бардык террордук уюмдар менен күрөшүүдө кызматташтык түзүлөт

Ирактын күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месуд Барзани президент Эрдоган жана премьер-министр Йылдырым менен жолукту.

558138
Аймактагы бардык террордук уюмдар менен күрөшүүдө кызматташтык түзүлөт
yıldırım-barzani.jpg

Ирактын күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месуд Барзани жолугушууларды өткөрүш үчүн Анкарага келди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин өкмөттү колдогон Барзанини кабыл алды.

Президенттик маалымат борборунун маалыматына  караганда жолугушууда ДЕАШ жана ПКК менен кошо террор менен күрөшүү каралды.

Айрыкча Түндүк Ирактагы  Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) мектептеринин жабылышы үчүн керектүү кадамдардын ташталышы да каралды.

Месуд Барзани андан соң Чанкая сарайында премьер-министр Бинали Йылдырым менен жолукту.

Йылдырым кабыл алуусунда Ирактын күрт аймактык башкаруусунун  коопсуздук, ырааттуулук жана өнүгүүсү үчүн керектүү бардык кадамдарды, жакшы коңшулук, достук жана туугандык байланыштарынын алкагында өткөндө болгону сыяктуу бүгүн жана эртең да таштоого даяр болгонун баса белгиледи. Ошондой эле Йылдырым, ПКК/ПЙДнын аймакта болуп жаткан шарттарда ДЕАШ менен күрөшүп жатат деген түшүнүк жаратылып, өзүн мыйзамдуу кылып көрсөтүү аракетинде болгонуна көңүл бурду.

Йылдырым айрыкча Түркия жана Ирактын күрт аймактык башкаруусунун ПКК жана ДЕАШ менен катар бардык террор уюмдары менен чечкиндүү күрөшүн уланта турганын айтты.

Ирактын күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Барзани да 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен баштап Түркияда болгон террор окуяларында каза болгондор үчүн көңүл айтып, бардык темада Түркия менен толук колдошуу жана кызматташууда боло тургандарын баса белгиледи.

 Барзани Анкарадагы жолугушууларынан кийин Тегеранга барат.



Тектеш кабарлар