Түркиянын Вена элчиси Анкарага чакырылды

Чавушоглу : «Вена элчибизди  кеңешүү жана карым – катнаштарыбызды кайрадан карап чыгуу үчүн Анкарага чакырдык»

557464
Түркиянын Вена элчиси Анкарага чакырылды

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Австрия менен карым – катнаштар жана кызматташтыкты  нормалдуу улантуу пайдубалынын ортодон жоюлгандыгын белгилеп : «Вена элчибизди  кеңешүү жана карым – катнаштарыбызды кайрадан карап чыгуу үчүн Анкарага чакырдык»,- деди.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу министрлик турак – жайында Молдованын тышкы иштер министри Андрей Галбур менен жекеме – жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин биргелеше пресс – жыйын өткөрдү.

Чавушоглу Австриянын акыркы мезгилде барган сайын күч алган чет элдик душмандыгы, улутчулдук жана исламга каршы өлкө болгондугун айтты. Бул өлкөнүн Европа жана Австрия калкынан Түркияга каршы чыгууну арттыруу үчүн таштаган кадамдар, Түркиянын Европа Биримдиги процессин териштирүүгө аракет кылуусу жана коркутуусунун достук кыймыл эмес экендигин белгилеген Чавушоглу : «Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козоголоң кыймылы жана адан кийин да Түркияга колдоо бербегендей эле, тескери мамиле кылышты»,- деди.

 

Түрк жарандары жана тектештердин түрк демократиясына колдоо берүү үчүн өткөрө турган тынчтык митингге да бул өлкөдө уруксат берилбегендигин айткан Чавушоглу буларды айтты : «Биз да аларга өзүнө келүү боюнча сабак берүүгө аракет кылып жатасыздар, бирок тынчтык митингине да уруксат бербей жатасыңар деп айттык.  Бирок террордук уюм ПКК жана жактоочуларына Венада митинг өткөрүүлөрүнө уруксат беришиптир. Ошондуктан террорго колдоо бергендерге үнсүз кала албайбыз»,- деди.

Бул абалдардан кийин Түркия – Австрия карым – катнаштарынын нормалду улантылуусунун пайдубалынын жоюлгандыгын баса белгилеген Чавушоглу Түркиянын Вена элчиси Мехмет Хасан Гөгүштү кеңешүү үчүн Анкарага чакырышкандарын айтты.



Тектеш кабарлар