Президент Эрдоган террор тууралуу маалымат берди

Президент Эрдоган ислам дүйнөсүнүн жарандык коом мекемелери биримдигинин делегациясын президенттик комплексте кабыл алды

554946
Президент Эрдоган террор тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган террордук уюм ПККнын кол салуусунун артында Фетуллахчы террордук уюмдун бар экендигин түшүнүү үчүн көзү ачык болуунун кереги жоктугун айтты. Президент Эрдоган ислам дүйнөсүнүн жарандык коом мекемелери биримдигинин делегациясын президенттик комплексте кабыл алды.

Кабыл алууда сүйлөгөн сөзүнда 3 полиция шейит болуп, 170 киши жараланган кечээки Элазыгдагы террордук кол салууга көңүл бурган президент Эрдоган кол салуунун максатынын бир гана кан төгүп кыйынчылык жашатуу, өлкөнүн жана улуттун тынчтыгын бузуу экендигин айтты.

Президент ФЕТӨ менен ПККнын, ДЕАШ менен бул уюмдардын ортосунда эч бир айырмачылыктын жок экендигин, баарынын максаты бир экендигин бул кол салуулар менен дагы бир жолу ортого чыккандыгын белгиледи.

Батыштык мамлекеттердин ФЕТӨнүн козголоң кыймылына байланыштуу мамилесин да сынга алган Эрдоган коомчулуктагы ФЕТӨ түзүлүшүнүн негизинде толугу менен тазаланарын айтты.

Ислам дүйнөсүнүн мамилесине да көңүлдөрдү бурган президент бир канча өлкөнүн тышында жалпы ислам дүйнөсү болбосо да көпчүлүк бөлүгүнүн да ушандай мамиледе болушун түшүнүү мүмкүн эмес экендигин да баса белгиледи.

Президенттин күн тартибинде  Сирияга берилген жардамдар да орун алды. Түркиянын Сирияга жардамдары тууралуу этияттык менен мамиле кылгандыгын эске салган Эрдоган Түркиянын бардык эскертүүлөрүнө карабастан Сирияга террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү деген аттын астында абадан жасалган ок – дары жардамынын жарымынын ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы ЙПГге жарымынын да ДЕАШтын колуна өткөнүнө дүйнөлүк коомчулуктун күбө болгондугун белгиледи.



Тектеш кабарлар