Вице - премьер Нуман Куртулмуш менчик телекөрсөтүүдө маалымат берди

Вице – премьер Нуман Куртулмуш Фетуллахчы террордук уюмдун козголоң кыймылынын сөзсүз түрдө саясий тарабынын болушу керектигин айтты

553695
Вице - премьер Нуман Куртулмуш менчик телекөрсөтүүдө маалымат берди

Вице – премьер Нуман Куртулмуш Фетуллахчы террордук уюмдун козголоң кыймылынын сөзсүз түрдө саясий тарабынын болушу керектигин айтты. Куртулмуш менчик телекөрсөтүү каналында : «Сөзсүз бул козголоңдун бир жерлерде саясий  жагы болушу керек. Түркиянын саясий тажрыйбасы муну айтууда. Ким, эмне ал биздин ишибиз эмес. Биз саясат катары муну аныктайбыз»,- деди.

15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин коркунучтун толугу менен өтүп же өтпөгөндүгү тууралуу : «Коркунучтан эмне түшүнгүнүбүзгө байланыштуу. Түрк куралдуу күчтөрүн колдонуу менен кайрадан козголоң кыймылын аткарышы мүмкүн эмес»,- деди. Куртулмуш 40 жылдан бери даярдык көрүлгөндүгүн айтты. Куртулмуш АКШ башкаруусунун террор башчысы, өз элинен 240 кишини бир түндө өлтүргөн лидерди же 79 миллион түрк калкынан экөөсүнөн бирөөсүн тандай тургандыгын айтты.

Террордук уюмдардын ортосундагы карым – катнаштарга да токтолгон Куртулмуш ФЕТӨ, ПКК жана ДЕАШтын орток максаттарынын Түркиянын ырааттуулуугун бузуу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар