АК партия Түркиянын жолунун ачылышында чоң роль ойноду

Президент Эрдоган: «Улутубузга ушундай чыккынчылыкты кылгандарды жоопко тартуу жана ФЕТӨнүн тамырын жулуу эң чоң милдетибиз»,-деди.

552022
АК партия Түркиянын жолунун ачылышында чоң роль ойноду

Президент Режеп Таййип Эрдоган Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети менен элге чыккынчылык кылганын, бул банданы жоопко тартуу менен бирге тамырын да жулуп таштай тургандарын да айтты.

Керек болсо өздөрү көп жыл бою чыгым төлөй тургандарын бирок улутту чыгымга учуратпай тургандарын айткандарын эске салган Эрдоган: «Көп жыл бою ушундай сезим менен кыймыл кылдык, эч качан аянган жокпуз. Тилекке каршы бул акмактар ошол түнү 240 балабызды, мекендешибизди шейит кылып, 2195 бир тууганыбызды жарадар кылып, улутубузду чыгымга учуратты. Улутубузга ушундай чыккынчылыкты кылгандарды жоопко тартуу жана ФЕТӨнүн тамырын жулуу эң чоң милдетибиз»,-деди.

Президент Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын түзүлгөнүнүн 15 жылдыгы боюнча партиянын башкы борборунун алдында уюштурулган программага Стамбулдан видео конференция аркылуу байланышып партия мүчөлөрүнө кайрылды.

Президент Эрдоган куруучу жетекчиси болгону үчүн сыймыктанганын, АК партия менен болгон укуктук байланышын 2014-жылы 27-августта кезексиз жыйналышта үзүүгө аргасыз болгонун, бирок көңүл байланышын эч качан үзбөгөнүн да баса белгиледи.

Президент Эрдоган сөзүндө Фетуллахчы террор уюмуна шилтеме кылып, ар башка асыранды уюктар менен кошо киришкен кол салууларынан жыйынтык ала албагандардын 2013-жылдан баштап жаңы сценарийлерди процесске киргизгендерин, бирок ар бир сценарийдин акырында ойлорун таш капканын белгилеп кетти.

«2016-жылдын 15-июль түнүндө өлкө тырыхбыздын дагы өз өткөнүбүздүн дагы эң жаман, эң кандуу, эң жылма коркунучуна туш болдук»,-деп айткан Эрдоган, ал түнү Түрк куралдуу күчтөрүнүн ичине кирип кеткен Фетуллахчы террор уюмуна мүчө бир топ аскер долбоорлогон төңкөрүш аракетин да улуттун бир муштумдай, бир добуштай болуп көз карандысыздыгы жана келечеги үчүн коргоп чыгуу күрөшү менен четке каккандарын белгиледи.

7-августта Стамбулдагы Йеникапыда чогулган саясий партиялардын жетекчилери жана ар бир катмардан атуулдардын Түркиянын алдында жаңы бир каалганын ачылышынын сүйүнчүсү болгонун баса белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын биримдиги, ынтымагы, туугандыгы тууралуу ачкан жаңы каалганы акырына чейин коргоо ишенимин кайталады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган АК партиянын 15-жылынын себебинен социалдык медиа тармагынан твиттерде маалымат бөлүштү.

АК партиянын 2001-жылы 14-августта улуттун укук жана адилет изденүүсүнүн жыйынтыгы катары курулганын айткан президент Эрдоган, «АК партия Түркиянын жолунун ачылышында чоң роль ойноду»,-деди.



Тектеш кабарлар