Президент Орусиядан кайтып жатып учакта журналисттерге маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган Орусия менен карым – катнаштардын дагы да алдыга жылуусун каалагандыгын айтты

550191
Президент Орусиядан кайтып жатып учакта журналисттерге маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган Орусия менен карым – катнаштардын дагы да алдыга жылуусун каалагандыгын айтты. Эрдоган орус кесиптеши Путин менен жолугушуусун Орусиядан кайтуусунда учакта журналисттер менен бөлүштү.

Президент орус кесиптешинин Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын эртеси күнү өзүнө телефон чалгандыгын жана : «Мындай нерсени кабыл алуубуз мүмкүн эмес. Эмне жана кандай болду. Буларды сурабастан тура албайбыз. Сизге телефон чалуубуз керек болчу. Кантсе да ортобуздагы достугубуздун негизинде муну аткардык»,- дегенин айтты.

Террордук уюм ПЙД жана ЙПГ маселеси суралган суроого Эрдоган : «Биз Москвада офис ачуулары керектигин күн тартибине алып келдик. Анын ПЙД менен байланышы болбогондугунан, анын жарандык коом уюму болбогондугунан сөз кылышты. Путиндин ушундайча кабары болду. Биринчи жолу бизден уккандыгын айтты. Колубузда сүрөттөрү бар эле, көрсөттүк. Бул тууралу изилдөө жүргүзүшөрүн айтышты»,- деди.

Түндүк Сирияда  белгилүү  бир деңгээлде уюмдашуунун бар экендигинен тынчсызданышкандарын айткан президент Москвага бир делегациянын жиберилерин белгилеп : «Москвада делегациябыздын аткара турган иши абдан маанилүү. Бул биздин аткара турган ишибизге да базис болот»,- деди.

Түркия – Орусия – Азербайжан үчтүк механизмасынын куруларын да айткан Эрдоган : «Өзгөчө азыркы учурда маалым болгон Карабах маселеси бар. Бул тууралуу Түркия да ичинде болгон Минск процесси башка жыйынтыктарды бериши мүмкүн. Бирок албетте бул жерде бир гана үч өлкө Азербайжандын тышында бул иштин ичинде эле. Алар да Орусия, Франция жана Америка. Бирок 23 -24 жыл болду эмдигиче бул ишти чече алышкан жок»,- деди.



Тектеш кабарлар