Шейит

ПККга карай операциялар уланып жатат.

548817
Шейит

Шырнактын Бейтүшшебап районунда жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтер тарабынан аскердик унаа өтүп баратканда мурда жайгаштырылган жарылуучу заттын жардырылышынын себебинен 3 аскер шейит болду.

Жарылуудан 10 аскер да жаракат алып, алардын айрымдарынын абалы оор экени белгиленүүдө.

Диярбакырда да жикчил террордук уюм ПККнын кандуу кол салуусунан 2 аскер шейит болуп, 2 аскер жаракат алды.

Лиже-Кулп аймагынын элет жеринде ПККга карай операциялар убагында террористтер тарабынан коопсуздук күчтөрүнө алыс аралыкка атуучу куралдар менен ок атылып, ага дароо жооп кайтарылышынан кагылышуу чыкты.

Атылган биринчи октон 1 аскер шейит болуп, 3 аскер жаракат алды.

Диярбакырдагы аскердик ооруканада дарыланып жаткан жаралуу аскерлерден бири да бардык аракетке карабастан куткарыла алган жок.

Аймакта операциялар уланып жатат.



Тектеш кабарлар