Германиянын тышкы иштер министри Түркия тууралуу маалымат берди
Франк-Вальтер Штайнмайер Түркиянын НАТОнун абдан маанилүү өнөктөшү экендигин айтты
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Түркиянын НАТОнун абдан маанилүү өнөктөшү экендигин айтты. Штайнмайер «Bild» гезитине берген маалыматында Түркия жана Орусиянын ортосундагы жакындашуунун жакшы абал экендигин билдирди. «Бирок бул карым – катнаштын Орусиянын Түркияга альтернатив бир коопсуздук өнөктөштүктү сунуштай турганчалык бекем экендигине ишенбеймин. Түркия абдан маанилүү НАТО өнөктөшү жана ошол бойдон да калышы керек»,- деди.
Сирияда беш жылдан бери улантылып келе жаткан трагедияга да токтолгон Штайнмайер Халептен келген фотографияларда зулумчулуктун канчалык даражада экендиги байкалгандыгын баса белгиледи. Германиянын тышкы иштер министри Штайнмайер : «Сириядагы жарандык согуштун чечилиши Москвасыз мүмкүн эмес, ошондой эле Түркиясыз, Ирансыз жана Сауд Аравиясыз да»,- деди.