Эрдоган-Путин жолугушуусу

Президент Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен Санк-Петербургдагы Константиновский сарайында жылуу атмосферада жолукту.

548388
Эрдоган-Путин жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин алгачкы чет өлкө сапарын Орусияга жасады.

24-ноябрда орус учагынын Түркиянын аба мейкиндигин бузуп киришинин себебинен түшүрүлүшүнөн бери Орусиянын президенти Владимир Путин менен бетме-бет жолугушуу болушу жагынан бул сапар абдан маанилүү.

Президент Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен Санк-Петербургдагы Константиновский сарайында жылуу атмосферада жолукту.

Эки лидер өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулардан мурда бүткүл дүйнөдө кызыгылып күтүлүп жаткан жолугушуулар тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

Путин учак кризисинен кийин карым-катнаш сууй түшсө дагы 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Эрдоганга эң биринчи телефон чалгандардан бири болгонун белгилеп: «Бүгүн болсо Орусияга кош келдиңиз. Эки тараптуу карым-катнаштарыбызды бетме-бет сүйлөшүү үчүн жараткан мүмкүнчүлүгүңүз үчүн ырахмат айтамын»,-деди.

Президент Эрдоган болсо эки өлкөнүн ортосунда ансыз деле оңолуу процессине кирген карым-катнаштардын, таштала турган жаңы кадамдар менен дагы жогорку баскычка чыга турганын айтты.

15-июлда Путин тарабынан телефон келгенине ыраазы болгонун белгилеген Эрдоган, бүгүнкү жолугушуу менен аймактагы маселелердин чечилишине да жардамчы боло тургандарын белгилеп кетти.

Эрдоган: «Аймактын саясатчы катары бизден күтүүлөрү бар»,-деп айтты.

Эрдоган жана Путиндин жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар