ФЕТӨ жалгыз эле Түркияга эмес, дүйнөгө өкүмдарлык кылгысы келди

Эрдоган Катар тектүү «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине байланыштуу суроолорго жооп берди.

546521
ФЕТӨ жалгыз эле Түркияга эмес, дүйнөгө өкүмдарлык кылгысы келди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) жалгыз эле Түркияда өкүмдарлык кылууну көздөбөгөнүн, Африка өлкөлөрүнө да жетүүгө аракет кылганын айтты.

Эрдоган Катар тектүү «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Эрдоган ФЕТӨнүн диний жамаат эместигин, өлкөнү жана экономиканы көзөмөлгө алууга аракет кылган террор уюму болгонун баса белгилеп, «Зулумга каршы турууда ыкшоолук кылуу карапайымга чыккынчылык кылуу болуп эсептелет. Төңкөрүшчүлөр менен күрөшүүдө ыкшоолук кыла албайбыз. Алар чыккынчы. Аларды кечире албайбыз»,-деп айтты.

Териштирүүлөр уланып жатканын бирок бул узун мөөнөттүү иш боло турганына токтолгон Эрдоган, «Алардын тамырын кыркабыз. Мамлекетти жаңыдан курабыз. Коопсуздук күчтөрүбүздү тазалайбыз. Бул багыттагы иштерди колдойбуз»,-деди.

Эрдоган, 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин өзүнүн өлкөнү каалаганындай башкаруу кудуретине ээ болгону жөнүндөгү айтымдарга, «Буларга эч качан макул эмесмин. Мен түрк калкы мага бербеген укуктарды колдонбойм. Мен Конституция мага бербеген укуктарды колдонуу укугум жок. Бул Таййип Эрдогандын мүнөзү болуп саналат. Бүткүл дүйнө муну ушундай билишин каалаймын»,-деп айтты.

Батыштын төңкөрүш аракетине карата мамилесин сынга алган Эрдоган, «Батыш бизге төңкөрүшкө каршы экенин көрсөткөн жок. Үн катпай калуулары кечирилбейт. Бизге «көп сандаган кишини жумуштан чыгардыңар, аскерлерди жана судьяларды кармап жатасыңар» дешти. Сиз Түркияда эмне болуп өткөнүн түшүнбөй туруп бизди жана өлкөдөгү системаны сындаганга укугуңуз жок. Бул кишилер чынчыл эмес. Америка Кошмо Штаттарынын бащкы штаб төрагасы Жосеф Данфорд келди. Парламентт имаратыбызды көрсөттүк. Аны ким бомбалады? ФЕТӨнүн мүчөлөрү»,-деп айтты.

Батыштын Түркияны сындоо укугу жок экенин баса белгилеген Эрдоган: «Мен «ченеп сүйлөңүз» деймин. Адилеттүү болгула, чындыкка таянгыла. Эл тарабынан шайланган өкмөткө каршы төңкөрүш кылуу кечирилбейт. Бул төңкөрүшкө каршы үн катпай калгандар, тоталитардык системаны демократиянын ордуна тандашкандар. Бул пландарды бузган элиме ыраазымын»,-деди.

Вашингтон бийлигинин кайтарып берүү темасында документ сураганына токтолгон Эрдоган, башкы штаб төрагасы Хулуси Акардын төңкөрүш болгон күнү барымтага алынып ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлен менен сүйлөштүрүлгүсү келгенин, бул болсо эң чоң далил экендигин айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин төңкөрүш аракетинен кийин дароо телефон чалып шейит болгондор үчүн көңүл айтып, өлкөсү көрсөткөн колдоону түшүндүргөн Эрдоган, шейшемби күнү ишкерлерден турган делегация менен Орусияга бара тургандарын белгилеп кетти.

Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы баш калкалоочулар келишимине токтолгон Эрдоган, Европа Биримдиги берген убадаларына турбаганын эске салды жана «Баш калкалоочулардын кайтарылышын көздөгөн келишим ишке киргизилиши керек. ЕБнин Түркиядан милдеттерин орундатышын талап кыла алышы үчүн алгач өз милдеттерин аткарышы керек. ЕБ ушул убакка дейре бул темада кадам таштай элек. Өлкөбүздө учурда 3 миллион сириялык жана ирактык бар. Булардын бардыгы баш калкалоочу. ЕБнин мындай маселеси жок»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар