Түндүк Кипр Түрк Республикасында «Козголоңго каршы демократияга колдоо» митинги өткөрүлдү

Митингге Түркиядан Лефкоша элчиси Деря Канбай менен вице - премьер Тугрул Түркеш катышты

546117
Түндүк Кипр Түрк Республикасында «Козголоңго каршы демократияга колдоо» митинги өткөрүлдү
yildirim.jpg

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбор шаары Лефкошада «Козголоңго каршы демократияга колдоо» митинги өткөрүлдү. Козголоң кыймылын айыптоо жана Түркия калкынын жанында экендигин көрсөтүү максатында Сарайөнү аянтында өткөрүлгөн митингге Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер – министри Хүсейин Өзгүргүн, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын вице – премьери Сердар Денкташ, Түндүк Кипр Түрк Респуликасынын 3 -  президенти Дервиш Эроглу, вице – премьер Тугрул Түркеш, Түркиянын Лефкоша элчиси Деря Канбай менен көп сандаган жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Тугрул Түркеш 10 миңге жакын киши катышкан митингде президент Р. Т. Эрдогандын билдирүүсүн окуду. Президент Эрдоган билдирүүсүндө элдин ишеничи менен тайманбастыгы менен ФЕТӨнүн аскердик форма кийген террористтерине жол берилбегендигин белгиледи. Президент : «Демократиянын укук жана эркиндиктерин укуктук мамлекеттин кандай коргоого алынышын көрүүнү каалагандар 15 -июль күнү түнкү Түркияда эмнелердин болгондугун көрүүсү керек. Түндүк Кипр Түрк Республикасында жашаган сиз боордошторубуздундуалары менен ал түндөн бери биздин жаныбызда экениңиздерди абдан жакшы билебиз»,- деди.

Премьер – министр Бинали Йылдырым да митингге видео конференция менен катышып Кипр калкына рахмат айтты.

Премьер – министр Йылдырым Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -июлдагы козголоң кыймылынын улуттун келечегине ээ чыгуусу менен ийгиликсиз болгондугун айтты.

Йылдырым : «Бул окуя Түркияда ар башка партияларды жана 79 миллион калкты кандайча бириктирген болсо, байрагын колуна алып аянтттарда демократия нөөмөтүн баштаган болсо, Кипрде да ошол эле нерсе болду. Байрагыбыз, тилибиз, динибиз бир, биз ар башка жерлерде жашасак да бир улутпуз. Кипрдын да башына ушундай нерсе келе турган болсо жаныңыздарда Түркия бар»,- деди.



Тектеш кабарлар