Өлкө 15-июлдагыдан дагы кубаттуу

Фетхуллахчы террор уюму, пареллель мамлекет түзүмүнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин калк тарабынан четке кагылганынан тарта башталган демократия нөөмөтү өлкөдө шыктануу менен уланып жатат.

543121
Өлкө 15-июлдагыдан дагы кубаттуу
fetö'nün darbe girişimine tepkiler, istanbul.jpg
fetö'nün darbe girişimine tepkiler, istanbul.jpg

Премьер-министр Бинали Йылдырым Түркиянын 15-июлдагы абалга  караганда дагы да кубаттуу экендигин айтты.

Фетхуллахчы террор уюму, пареллель мамлекет түзүмүнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин калк тарабынан четке кагылганынан тарта башталган демократия нөөмөтү өлкөдө шыктануу менен уланып жатат.

Чанкая сарайынан аянттарга экран аркылуу байланышкан премьер-министр Йылдырым “демократия нөөмөтүндө” турган мекендештерге кайрылды.

Йылдырым төңкөрүшчүлөрдүн президент Режеп Таййип Эрдогандын өмүрүнө коркунуч туударгандыгын, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынына бомба таштап, өкмөттү талкалоону көздөгөндүгүн белгиледи.

“Эл менен болгон карым-катнашыбызды жок кылууну каалашты. Улуттук эркке улуттун курал-жарактары менен кол салышты. Бирок элдин агып келип, колдоо көрсөтүшүнөн улам төңкөрүшчүлөрдүн аракетинен эч майнап чыккан жок. Тик турабыз. Биздин эл бардык түстөрү менен көчөдө болду,”- деп айтты.

ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине каршы турган атуулдар, Стамбулдун ар башка аймактарында “демократия нөөмөтүнө” турууну улантып жатышат.

ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине протест кылуу үчүн Сарачханедеги Стамбул шаарынын мэриясынын алдында колдоруна түрк желектерин кармап алып жыйналган эл төңкөрүш аракети тууралуу видеолорду көрүштү. Куран окулган соң, атуулдар шейит кеткендер үчүн бата кылышты.

Таксим аянтында демократия нөөмөтү үчүн коюлган сахнанын алдында чогулган атуулдар да ураандары менен төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүштү.

Үскүдар Кысыклыда президент Режеп Таййип Эрдогандын үйүнүн алдындагы демократия нөөмөтү да кызуу уланууда.

Анкарада Кызылай аянтында күн сайын түнкүсүн жыйналган атуулдар  колдоруна түрк жана англис тилинде жазылган ураандарды, шейит болгондордун сүрөттөрүн, түрк желегин көтөрүп чыгып төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүп жатышат.

Мехтер тобунун cүрөөнүнөн соң оргуштаган атуулдар 15-июлдагы окуяга тиешелүү видеолорду чоң экрандан көрүп кайгыга батып  жатышты.

Битлис жана Татван райондорунда 18 күндөн бери аянттарда болгон атуулдар колундагы түрк желектери менен “15-июль төңкөрүшчүлөргө оор болот”, “Эки жүздүү Фетхуллах”, “Төңкөрүш болбосун, аскерлер казармага барсын” жана “Тик тур,ийилбе, эл сени менен бирге” деген ураандар менен чыгышты.

Хаккариде да губернаторлуктун алдында түрк  байрактарын жана президент Режеп Таййип Эрдогандын плакаттарын көтөрүп чыккан атуулдар таң атканга чейин турушту.



Тектеш кабарлар