Бинали Йылдырым Рашид Достум менен жолугушту

Йылдырым Достумга ыраазычылык билдирди.

543129
Бинали Йылдырым Рашид Достум менен жолугушту
raşid dostum.jpg

Премьер-министр Бинали Йылдырым Ооганстандын президентинин биринчи орун басары Рашид Достумга Фетуллахчы терррор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы түрк өкмөтү жана элине тилектештик көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министрликтен маалымдалгандай, Бинали Йылдырым Достум менен Чанкая резиденциясында жолугушту.

Жабык эшик артында өткөн жолугушууда Йылдырым Достумга түрк өкмөтү жана элин колдогондорунан улам ыраазычылык билдирди.

Йылдырым ошондой эле Ооганстандын ырааттуулугуна абдан маани бергендерин, бардык тармактагы колдоону жана дос Ооганстан менен болгон жакын байланыштарды келечектеги мезгилде да уланта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар