Түркия АКШга дагы бир жолу чакырык салды

Адилет министри Бекир Боздаг Түркия менен байланыш кургусу келгендерге өз сунушун айтты

542277
Түркия АКШга дагы бир жолу чакырык салды

Адилет министри Бекир Боздаг Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы үчүн АКШга дагы бир жолу чакырык салды.

Конияда демократия нөөмөтүнө катышып элге кайрылган Бекир Боздаг Түркия менен байланыш кургусу келгендерге Түркияны объективдүү карап чыгууну сунуш кылды.

Боздаг: «Фетуллах Гүлендин террористтеринин же башка террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн анализдери боюнча Түркияга сереп салууну уланта турган болсо, дагы көп жаңылышат. Дагы да көптөгөн жаңылыш чечимдерге кол коюшат»,-деди.  

АКШ сыяктуу чоң мамлекеттин Фетуллах Гүлен чындыгын билбегенин айтуу бул өлкө үчүн адилетсиздик болоорун сөз кылган Боздаг: «Америка Фетуллах Гүлен чындыгын жана мунун Түркия үчүн жараткан коркунучтун окшошун АКШ жана башка өлкөлөр үчүн да жаратканын билбей жатса анда Америка аянычтуу абалда дегенди туюнтат. Муну көрбөй жатышы Америкага жарашпайт»,-деп айтты.

Төңкөрүш аракетинин артында Феталлах Гүлендин болгонун АКШнын билип турганын жана муну аныктоо үчүн да далилге керек жок экенин айткан министр Бекир Боздаг, АКШ башкаруучулугу Гүленди тапшырып бербеген учурда муну демократияга ишенген элине түшүндүрө турганын баяндады.

Фетуллах Гүлендин кача турганы жөнүндөгү маалыматтарга көңүл бурган Боздаг, Гүлендин дароо кармалып Түркияга тапшырылышы керектигин билдирди.

Бекир Боздаг бир суроо боюнча: «Феталлах Гүлен АКШ урусат бербесе ансыз деле кача албайт. Дүйнө жүзүндө сөз болуп жаткан бул кишинин АКШнын маалыматы болбостон ал жерден башка жерге кеткени айтылса буга дүйнө күлөт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар