Премьер-министр медиа өкүлдөрү менен жолкту

Йылдырым камактагыларды өч алуу үчүн эмес, адилеттик, акыйкаттык менен жазалай тургандыктарын баса белгиледи.

542432
Премьер-министр медиа өкүлдөрү менен жолкту

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Фетхуллахчы террор уюму, параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) төңкөрүш аракетинде шейит болгондор жана кармалгандардын саны тууралуу маалымат берди.

Премьер-министрликтин расмий мекемесинде медиа өкүлдөрү менен жолугушкан Бинали Йылдырым 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде шейит болгондордун саны 237ге жеткендигин айтты.

Йылдырым:

“Өлгөн абалда келген төңкөрүшчүлөрдүн саны 34, жаракат алгандар 49, кармалгандардын саны 18756 болду. Алардын арасынан полиция кызматкерлери 4315, аскерлер 11031, генерал 185, офицер 1135, судья жана адвокаттар 2626, административдик башкаруучулар 95, 689 жаран кармалды,” – деди.

Премьер-министр жалпы 10192 камалгандардын 1751и полиция, 6153ү аскер, 2131и судья жана адвокат, административдик башкаруучулардан 64, жарандардан 93, соттук текшерүүдөн соң эркиндик алган 2257, түздөн-түз бошотулган 1993, учурда 4314 кишинин кармалып тургандыгын билдирди. Йылдырым ушул күнгө чейин 55978 адамдын паспорту жарактан чыгарылганын, атайын дипломатиялык максатта берилчү 14780 паспорттун, мурда мыйзам чыгаруу органында иштегендер алчу жашыл 38703 паспорттун, Түркия мамлекети мүчө болгон уюмдардын кызматкери болгондорго берилчү  2109 паспорттун, дипломатиялык 386  паспорттун жараксыз кылынганын  кошумчалады.

Качан мамлекеттик кызматкерлерге эмгек өргүүсүнө чыгууга уруксат берилет?-деген суроого Йылдырым, төңкөрүшкө катышкан кызматкерлердин качып кетишине жол бербеш үчүн, ушундай чечимге келишкендигин айтты. “Узакка созулат деген пикирде эмесмин. Алдыда бир нече аптадан соң, бардык абал өз нугуна түшөт. Бул биздин кылган иш-аракеттерибизге байланыштуу десем болот,” деген Йылдырым ажыга барчуларга бул чечим тиешелүү эместигин айтты.

“Төңкөрүшчүлөр кылгандары үчүн жооп берет,”- деп айткан Йылдырым, өч алуу үчүн эмес, адилеттик, акыйкаттык менен жазалай тургандыктарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар