Чет элдиктердин Түркияда иштөө укуктары...

Иштөөгө уруксат алган чет элдиктер 6 айдын ичинде Түркияга келүүгө мажбур болот.

540427
Чет элдиктердин Түркияда иштөө укуктары...

Эл аралык Эмгек  кодексинин структурасы Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын пленардык жыйынында кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоору Түркиядагы чет өлкөлүктөрдү иш менен камсыз кылуудаагы айрым маанилүү оңдоп-түзөөлөрдү ичине камтыйт.

Мыйзамга ылайык, мындан ары саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында эмгектене турган чет элдиктердин уруксат арыздарын кароо үчүн, алдын ала уруксат алышы зарыл.

Мыйзамда орун алган келгиндердин эмгектенүүгө уруксаты жок болсо, Түркияда иштей албайт жана башкалар да иштете алышпайт.

Иштөөгө  уруксат алган чет элдиктер 6 айдын ичинде Түркияга келүүгө мажбур болот.

Бул убакыт аралыгында Түркияга келбеген чет элдиктердин эмгек уруксаты жокко чыгарылат.

Түркияда узак убакытка жашап турууга уруксаты бар же болбосо эң аз 8 жыл иштөөгө  уруксаты бар келгиндер туруктуу иштөөгө уруксат ала алышат.

Туруктуу иштөөгө уруксаты барлар түрк жараны сымал эле бардык укуктардан пайдалана алышат.

Түркияга  салым кошууну ойлогон же арызы министрлик тарабынан ылайык деп табылган чет элдиктерге «Түркүаз карточкасы» берилет.

 «Түркүаз карточкасы» алгачкы 3 жылга гана убактылуу берилмекчи.

Карточканын ээси мыйзам менен жөнгө салынып, туруктуу иштөө уруксатында каралган укуктардан пайдалана алат.

Түкиядагы жогорку билим берүү окуу жайларында катталган чет элдик студенттер иш уруксат кагазын алууга катталуу менен иштей алышат.

Бакалавр жана магистратура студенттери окууларынын биринчи жылы бүткөндөн кийин иштөөгө уруксат ала алышат.

Иштөөгө уруксаты жок туруп, бир жумуш берүүчүнүн кол алдында иштеген чет элдикке 2 миң 400 түрк лирасы, көз карандысыз иштеген жумушчуга 4 миң 800 өлчөмүндөгү айып пул салынат.

Жумуш берүүчү же анын өкүлү болсо да ар бир келгин үчүн 6 миң түрк лирасын төлөп берүүгө мажбур болот.

 



Тектеш кабарлар