Премьер - министр Бинали Йылдырым чет элдик басма сөз кызматкерлерине интервьюларды берүүдө

Интервьюларда алдыга чыккан тема АКШнын ФЕТӨнун лидери Фетуллах Гүленди тапшырып же тапшырбай тургандыгы

538726
Премьер - министр Бинали Йылдырым чет элдик басма сөз кызматкерлерине интервьюларды берүүдө

Өкмөт Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекет түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң  кыймылынан кийин дүйнөлүк коомчулукка туура маалымат берүү үчүн болгон күчү менен аракет кылууда. Ушунун алкагында премьер – министр Бинали Йылдырымдын чет элдик басма сөзгө берген билдирүүлөрү улантылууда. Интервьюларда алдыга чыккан тема АКШнын ФЕТӨнун лидери Фетуллах Гүленди тапшырып же тапшырбай тургандыгы...

Американын Wall Street Journal гезитине интервью берген премьер – министр Йылдырым козголоң кыймылына катышкан шектүү кишилердин буйрукту Гүленден алышкандары тууралуу айткандыгын билдирди. Гүлендин Түркияга тапшырылышы үчүн далилдердин так экендигин айткан премьер – министр : «АКШнын бул тууралуу мамилеси бизди капалантты. Гүленди эмне себептен бере алышпагандарын түшүнбөйбүз»,- деди. Вашингтон башкаруусунун далил сурагандыгын эске салган Йылдырым : «265 киши реактивдер менен бомбаланды, танкалар менен эзилип өлтүрүлдү, эмненин документин сурап жатат»,- деди. Йылдырым ФЕТӨнун башчысы Гүленди камоо талабы менен досьелердин АКШга жиберилгендигин белгиледи.

Премьер – министр Бинали Йылдырымдын англис The Guardian гезитине  берген интервьюсунда Гүлендин тапшырылышы алдыга чыкты.  

Премьер – министр Йылдырым англис Sky News  каналына берген интервьюсунда  ийгиликсиз болгон козголоң кыймылынан кийин башталган териштирүү процеесинин улантылып жаткандыгын айтты.

Өлүм жазасы тууралуу берилген суроого жооп берген Йылдырым Түркиянын демократиялык өлкө экендигин, ошондуктан өкмөттүн калктан келген үндөргө кулак саларын белгиледи. Йылдырым : «Биз оболу элибизди угабыз, андан кийин башкалардын айтканына карайбыз. Эл эмне десе ошону аткарабыз»,- деди.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкердин Түркияда өлүм жазасы кайра келе турган болсо Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин токтой тургандыгын айтканына байланыштуу сөздөрү эске салынуусу менен Йылдырым Юнкердин дагы этият  маалыматтарды берүүсү керектигин белгилеп : «Түркия коркунучтуу абал менен бетме – бет келип турганда бармагын көтөрүп Түркияны коркутуу анын иши эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар