Мамлекеттик түзүмдөрдө бир топ өзгөртүү жасалат

Премьер-министр Йылдырым президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Министрлер кеңешинин жыйналышына байланыштуу маалымат берди.

537603
Мамлекеттик түзүмдөрдө бир топ өзгөртүү жасалат

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Жандармерия жана жээк коопсуздугу командирликтеринин Ички иштер министрлигине каратлышы үчүн токтом даярдала турганын белгилеп, «Керектүү башка мекемелик түзүлүштөрдүн иштери да уланат»,-деди.

Йылдырым Президенттик сарайда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Министрлер кеңешинин жыйналышына байланыштуу маалымат берди.

20-июлда мамлекеттин өзүнө жарыя кылган өзгөчө кырдаал ишке ашыруусунда кандайдыр бир маселе жок экендигин айткан өкмөт башчы, максатынын Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмү (ФЕТӨ/ПМТ) менен күрөшүүдө ылдам жана так жыйынтык алуу болгонун баса белгиледи.

Министрлер кеңешинде Босфор көпүрөсүнүн аты мындан ары «15-июль шейиттер көпүрөсү» деп алмаштырылышына чечим чыгарылганын белгилеген премьер-министр, Стамбул жана Анкарада бирден шейиттер эстелиги курула турганын жарыялады.

Мыкаачылык кол салуу болгон түндө шейит болгондордун жакындары жана ардагерлер үчүн мамлекеттик банктарда эсеп ачылганын да белгилеген Өкмөт башчы, ушундайча бул кишилерге жардам бериле ала турганын белгиледи.

Өкмөт башчы Йылдырым, «Төңкөрүш аракети менен мамлекетибизди чөгөлөтө тургандарын ойлогондор бул ирет дагы жаңылышты. Улутубуз 2023-максатына жетүүдө да умтулуусун жана чечкиндүүлүгүн улантат»,-деп айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым Министрлер кеңешинин алдында Республикалык элдик партиясы жана Улуттук кыймыл партиясынын лидерлеринин да катышуусунда президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолуккандарын эске салып, конституцияда бир канча түзөтүү темасында келишишкендерин билдирди.

Йылдырым лидерлердин ортосунда жаңы конституция жазуу темасында да макулдашууга жетишилгенин жана буга байланыштуу процесстин башталганын да кошумчалады.



Тектеш кабарлар