Кээ бир чет элдик медиа мекемелеринин козголоңду жактоосу

Эл менен мамлекет бирдикте саткындардын жолун тороду...

538072
Кээ бир чет элдик медиа мекемелеринин козголоңду жактоосу

Фетуллахчы террордук уюм параллель мамлекет түзүмү (ФЕТӨ/ПМТ) козголоң кылган 15 -  июлда чет элдик медиа  мекемелеринин кээ бирлеринин мамилеси сабак алаарлык болду.

Анкара жана Стамбулдагы күч колдонуу көрүнүштөрүн берип жатып «төңкөрүш аракети» деген сөздү айтуудан тартынып, козголоң жеңилүүгө  учуратылаары менен президент Р. Т. Эрдоган жана өкмөтүн бул абалды «авторитаризмдешүү үчүн колдоноорун» айтып чыгышты.

Түркия парламентинин, Президенттик сарайынын, Коопсуздук директорлугунун, Башкы штабдын төрагалыгынын бомбалануусун, адамдардын танкалар менен тебеленишин жокко чыгарып.

Бул мекемелердин жаңылык этикасына карата санаабыз мына ушул жерде башталды.

Эл көчөгө чыгып козголоңчуларды  жеңди...

Аскер кийимин кийген террористтердин көрүнүштөрүн бул өлкөнүн жарандарынын жарандык согушу сыяктуу чагылтууга аракет кылышты. Танка астында калып жаткан денелерди бири- бирин кырып жатат деп көрсөтүүгө аракет кылышты.

Эл менен мамлекет бирдикте саткындардын жолун тороду...

Жарандар саткындарды басып алган жерлеринен кууп чыгып, мамлекет бул саткындарды бир-бирден кармап укук органдарына тапшырды...

Бир түндү танка – пулемет – бомба үндөрү менен таңга жеткирген, мечиттерден чыккан азан үндөрү менен таңды атырган, «бирдикте тирилебиз же бирдикте өлөбүз» деген түрк калкына күчүбүз жетет деп ойлодуңарбы?

Жаңылдыңар!

Биз бул процесстен күчтөнүү менен чыгабыз. Досубузду, душманыбызды дагы жакшы тааныйбыз жана бири-бирибиз менен дагы көп жакындашабыз.

Силер, өзүн өзү медиа деп ойлогондор, кылган ишин жаңылык дегендер...

Түркия мамлекети түбөлүккө карай баскан болсо, силер азыркы учурда жасагандай  жардан ылдый түшүп бара жаткандагы айкыруу менен эсте каласыңар.

 

 

 



Тектеш кабарлар