Гүлен башка күчтөрдүн кызматчысы

Йылмаз Гүлендин Америка Кошмо Штаттарына кадимкидей жалбарып «Суранам тапшырбагыла» деген сөзүн эске салды.

538249
Гүлен башка күчтөрдүн кызматчысы

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчи орун басары Жевдет Йылмаз, Фетхуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) корбашчысы Фетхуллах Гүлендин башка күчтөрдүн кызматчысы болгонун айтты.

ТРТ-Хабер каналынын берүүсүнө катышкан Йылмаз, Гүлендин өз өлкөсүнө, улутуна каршы чет өлкөлүк күчтөргө таянып өзүн коопсуздук астына алганын белгилеп кетти.

Йылмаз: «Адамдар өлүмгө баратканда Гүлен да коопсуз бир жерде тышкы күчтөргө аркасын жөлөп жашоосун улантууга аракет кылууда»,-деди.

Гүлендин Америка Кошмо Штаттарына кадимкидей жалбарып «Суранам тапшырбагыла» деген сөзүн эске салган Йылмаз, корбашчыны өлкөсүнө келип укук органдарына жооп берүүгө чакырды.

Фетхуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) төңкөрүш аракетинин чындыгында бардык өлкөлөр үчүн сабак болгонун баса белгилеген Йылмаз, «Өз өлкөсүнө муну кылган, башка өлкөлөргө да ушундай эле нерсени кыла алат. Бул, потенциалдуу төңкөрүшчү катары бүткүл дүйнөдө тамга басылышы керек. Бул ишмердик кылган бардык өлкөлөр эскертилиши лазым. Өз баштарына да ошондой эле нерсе келбеши үчүн чара көрүүлөрү маанилүү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар