Демократия нөөмөтү Эрдоган «бүттү» дегенге чейин уланат

Эл дагы деле аянттарда

537710
Демократия нөөмөтү Эрдоган «бүттү» дегенге чейин уланат

Өлкөнүн жалпысында атуулдар Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүү үчүн өткөрүп жаткан "Демократия нөөмөтү" уланууда.

Президент Режеп Тайип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырымдын чакырыгы боюнча башталган «демократия нөөмөтү» үчүн Стамбул Сарачханедеги Стамбул мэриясынын алдында чогулган жарандар колдорунда түрк желектери менен төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүштү.

Стамбулда атуулдар президент Эрдогандын үйү жайгашкан Үскүдар Кысыклы, Таксим аянты, Бешикташтагы Ыхламур паркы, Эсенлер, Касымпаша, Эйүп менен катар шаардын ар кайсы жерлеринде «демократия нөөмөтү» үчүн аянттарды толтурушту.

Баш калаа Анкарадагы демократия нөөмөтүнүн дареги болсо Кызылай аянты...

Анкара мэри Мелих Гөкчек, президент Эрдогандын уулу Билал Эрдоган жана АК партиянын айрым эл өкүлдөрү да Кызылайдагы демократия нөөмөтүнө катышып, платформадан эл менен учурашты жана төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүштү.

11 күндөн бери демократия нөөмөтүн улантып жаткан жарандар, президент Режеп Тайип Эрдоган «бүттү» дегенге чейин аянттардан кетпей тургандарын айтышты.



Тектеш кабарлар