Төңкөрүш аракети болоорун АКШ абдан жакшы билген

Бекир Боздаг, сот жана жаран бюрократиянын ичиндеги белгилүү бир деңгээлдегилердин Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетинен кабары болгондорун айтты.

536647
Төңкөрүш аракети болоорун АКШ абдан жакшы билген

Адилет министри Бекир Боздаг, сот жана жаран бюрократиянын ичиндеги белгилүү бир деңгээлде болгондордун Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетинен кабары болгондорун айтты.

Бекир Боздаг жеке менчик  телеканалда төңкөрүш аракети тууралуу баяндап берди. Анда ал, «Сот жана жаран бюрократиянын ичиндегилер бул төңкөрүшкө кандайдыр бир түрдө байланышы болгонун билемин. Мен сот органдарынан  Кассациялык сот, Мамлекеттик кеңеш жана жогорку сотто болгондордун, соттун ичинде белгилүү бир деңгээлге келгендердин, бул төңкөрүш аракетинин Жума күнү боло турганын, атымды кандай билсем, алар да ошондой билгенин байкадым»,-деп айтты.

Боздаг Америка Кошмо Штаттарынын ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинен маалыматы болуп же болбогону темасында болсо, «АКШнын да бул төңкөрүштү Фетуллах Гүлендин кылганын, урматтуу Обама өз атын кандай билсе ошончолук билгенин билемин. Американын чалгындоо кызматынын билгенин билемин. АКШнын мамлекеттик катчысынын билгенин да билемин. Б.а. бул убактан кийин муну абдан жакшы билгендерин так билемин, буга ишенемин»,-деди.

Адилет министри америкалык башкаруучулардын, Гүленди жактап АКШда кармоолорунун акылуу себепке ээ болгонун билдирип, «Муну айтып жатышса бул саясий баа берүү»,-деп айтты.

Бекир Боздаг судьялардын соттолушу тууралуу да доолордун жалгыз бир жерде чогултулушунун, туура болбой турганы жана бүтпөй турганы түшүнүгүн бере турганын айтып, доолордун ар башка жерде карала турганын айтты.

Боздаг төңкөрүш аракетинен кийин кызматынан четтетилген судья жана прокурорлордун ордуна, юстициялык академияда иш тажрыйбасын көрүп жаткан 5110 судья жана прокурордун эң кыска убакта кызматын баштай тургандарын жарыялады.

Боздаг, ноябрда болсо 3 миң жаңы судья жана прокурор алынышы үчүн сынак өткөрүлө турганынын сүйүнчүсүн берди.

Бул учурда Улуттук билим берүү министри Исмет Йылмаз да, ФЕТӨ менен байланышта болгондору себеби менен мамлекеттик кызматтан четтетилген мугалимдердин ордуна быйыл 20 миңден ашуун мугалим алына турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар