Демократия нөөмөтү өлкөнүн ар тарабында уланууда

Түркиянын ар тарабында миңдеген атуул демократия нөөмөтүн түндө да улантты.

536443
Демократия нөөмөтү өлкөнүн ар тарабында уланууда
Kılıç Samsun bayrak yürüyüşü.jpg
izmir demokrasi nöbeti.jpg
istanbul demokrasi nöbeti.jpg

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырымдын чакыруусу менен аянттарды толтурган миңдеген атуулдар, демократия нөөмөтүн улантууда.

Анкаранын Кызылай аянтында миңдеген атуул, демократия нөөмөтүн түндө да улантты.

Анкара мэри Мелих Гөкчек жана АК партиянын Анкара эл өкүлдөрү да демократия нөөмөтүнө катышып, платформага чыгып элге салам беришти жана төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүштү. Түрк желектери менен кошо түрк жана англис тилинде жазылган плакаттарды көткөргөн атуулдар,төңкөрүшкө каршы ураандарды чакырышты.

Стамбулда чогулган футбол күйөрмандары да демократия жүрүшүн уюштурушту. Бейоглундагы туннелдин алдында чогулган күйөрмандар ураандарды чакыруу менен Таксим аянтына чейин барышып төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүштү.  Фенербахче, Галатасарай, Бешикташ, Трабзонспор жана башка командалардын формаларын кийген миңдеген күйөрмандар, «Төңкөрүшкө каршы кол карамашабыз», «Мекеним сага жанымды берем», «Бул мекен кулабайт», «Шейиттер өлбөйт, мекен бөлүнбөйт» деген сыяктуу ураандарды чакырышты.

Измирде демократия нөөмөтү уланууда...

 Колдоруна түрк желегин көтөрүп Конак аянтына барган миңдеген измирдик, кол кармашып улуттук эркти коргой тургандарын билдиришти. Тарыхый саат мунарасынын айланасына чогулган калың топ, демократияны кулатууга аракет кылгандарга каршылык көрсөтүштү.

Самсунда болсо Фетукллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетине каршы «Бир желектин астында» деген жүрүш уюштурулду.

«1919» метр узундуктагы Түркия желеги менен жүргүзүлгөн жүрүшкө 20 миң киши жана Жаштар жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч катышты.

Министр Кылыч, бул жердеги сөзүндө бардык саясий партиялардын өкүлдөрү чогулганын айтып, самсундуктарга ыраазычылыгын билдирди. Өлкөнүн төрт тарабында миңдеген жаран колдоруна желектерди көтөрүп ураандарды чакырышып демократия нөөмөтүнө чыгышты.



Тектеш кабарлар