Бинали Йылдырым маанилүү маалыматтарды берди

Өкмөт башчы, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Коргоо министрлигине эмес, президенттик башкаруу системасына өтүлгөндөн кийин Президентке каратылышы керектигин жарыялады.

536145
Бинали Йылдырым маанилүү маалыматтарды берди

Премьер-министр Бинали Йылдырым, 28-июлда чогула турган Жогорку аскердик кеңеште 15-июлдагы төңкөрүш аракети каралып маанилүү чаралар көрүлө турганын айтты.

Өкмөт башчы, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Коргоо министрлигине эмес, президенттик башкаруу системасына өтүлгөндөн кийин Президентке каратылышы керектигин жарыялады.

Бул козголоңу менен өздөрүн жаман абалга түшүргөн генералдардын кылымдык Түрк армиясынын аброюн түшүргөнүн белгилеген премьер-министр: «Мунун жообун алабыз»,-деди.

Өкмөт башчы, чыккынчылык аракети болгон түндү жеке менчик бир телеканалда түшүндүрүп жатып маанилүү маалыматтарды да бөлүштү.

Бул мыкаачылык аракетти кылгандар аскер кийимин кийип алган террористтер болгонун белгилеген Йылдырым, башка офицерлердин урматталышы керектигин атуулдардан суранды.

Бинали Йылдырым, 15-июлдагы түндө өзүнүн унаасы да бутага алынганын билдирди. Премьер-министр, Стамбулдан Анкарага авто жолу менен келе жатканда унаага төңкөрүшчүл жандармерия тарабынан ок атылышынын себебинен багытын өзгөртүп түндү Ылгаз райакиминин үйүндө өткөргөнүн айтты.

Андан соң президент Режеп Таййип Эрдогандын элди көчөлөргө чыгууга чакыруусунан кийин террористтердин максатына жетүүсүнө бөгөт коюлганын түшүндүргөн Өкмөт башчы, «Мындан ары бардык нерсени кайрадан карап чыгышыбыз керек. Ар түрдүү чараларды көрөбүз. Бул процесс бир канча катачылыктын белгилүү болгону жана буларга карата чаралар көрүлгөн процесс болот. Абдан радикалдуу чараларды көрөбүз»,-деди.

24-ноябрда орус учагын түшүргөн учкучтардын да камакта экенин билдирген премьер-министр Йылдырым, жалпы камактагы санынын 13002 (1329у полиция, 8831и аскер, 2100 судья жана прокурор) деп берди. 5837 киши камалганын билдирген Йылдырым, козголоңчулардан 24ү өлтүрүлгөнүн маалымдады.

Йылдырым, экономикалык кризис айтымдарынын кара пропаганда болгонун, Борбордук банктын валюта резерви артканын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар