ФЕТӨгө байланыштуу мамлекеттик кызматкерлер жумуштан чыгарылууда
Териштирүүнүн негизинде 954 киши кызматынан алыстатылды
15 - июль козголоң кыймылынын териштирүүсүндө жумуштан чыгарылган кызматкерлердин саны 45 миң 484кө жетти. Териштирүүнүн негизинде 954 киши кызматынан алыстатылды. Билим берүү министрлигинде Фетуллахчы террордук уюм менен байланышы болгон 21 миң 738 киши жумуштан чыгарылды.
Билим өнөр жай жана технология министрлигинде 560, экономика министрлигинен 15, үй – бүлө жана социалдык саясатар министрлигинен 599 киши жумуштан чыгарылды.
Улуттук коргоо министрлиги тарабынан да 262 аскердик сот менен прокурор кызматынан алыстатылды. Түркия статистикалык мекемеси ТҮИКте 21, Өнүгүү министрлигинде 82 киши жумуштан чыгарылып, Өнүгүү агенттигинин баш катчылыгынан да 5 киши иштен чыгарылды.
Мамлекеттик авиация аянттарын иштетүү боюнча башкы директорлугунан 139, тамеки жана алкоголдук базарларды иретке салуу мекемесинде 8 кызматкер жумуштан алыстатылды. Казына кеңешчилигинен 62 киши териштирүүнүн негизинде жумуштан чыгарылды.
Транспорт деңизчилик жана кабарлашуу министрлигинде жумуштан чыгарылгандардын саны 529га, токой жана суу чарбачылыгы министрлигинен 197, информатика жана тенологиялар мекемесинен 170ке жетти.
ТРТда 300, РТҮКте болсо 29 кызматкер тууралуу жумуштан алыстатуу чечими чыгарылды. Экология жана шаарчылык министрлигинде 70 кызматкер жумуштан чыгарылды.
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.