Президент Эрдогандын чакырыктары

Президент Эрдоган, ийгиликсиз төңкөрүш аракетинен кийин бомбаланган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Ардак залында сөз сүйлөдү.

535560
Президент Эрдогандын чакырыктары

Президент Режеп Таййип Эрдоган, “Өлкөбүздө жикчил террор уюмун билчүбүз, ДЕАШты билчүбүз, ПЙДны, ЙПГны билчүбүз. Буларды билчүбүз бирок аныктамасы башкача эле”,-деди.

Президент Эрдоган, төңкөрүш аракетинен кийин бомбаланган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Ардак залында сөз сүйлөдү.

Анда ал: “Бул жолугушуубуздун, чогулуубуздун демократиялык укук мамлекетин кулатууга карай куралдуу аракеттен кийин болушун эч качан каалабайт элем. Тилекке каршы ушундай аракеттен кийин болду. Парламент имаратыбызды кыдырып баратып Улуу Улуттук Жыйыныбыздын түшкөн абалын көргөндө чындап эле чоң капага баттым. Мындай козголоңду кылгандар бул улуттун уулу болушу мүмкүн эмес”,-деди.

Эрдоган: “Өлкөбүздө жикчил террор уюмун билчүбүз, ДЕАШты билчүбүз, ПЙДны, ЙПГны билчүбүз. Буларды билчүбүз бирок аныктамасы башкача эле. Эмне дешчү эле “булар бир эле убакта диний топ, билим берүү менен алектенишет, булардын курал менен иши болбойт”. Булардын курал менен болгон байланышы башкаларынан абдан айырмаланган түрдө экен. Булар бул улут берген салыктар, бул улуттун акчасы менен алган куралдарды, учактарды, тик учарларды, танкаларды, замбиректерди, оор куралдарды улутка каршы колдонгон мыкаачылар, чыккынчылар, намыссыздар”,-деп айтты.

“Алардын айткандарына келсек координаттарды сурашыптыр ал туура келбей калыптыр. Анан келип Парламентти атыптыр. Бул жер улуттун Улуу Жыйыны”,-деген президент Эрдоган: “Сиз , улуттун өкүлдөрүн, улутту атууга аракет кылдыңыз. Мына ошон үчүн бул тууганыңыз, колундагы уюлдук телефон менен телеберүүлөргө кошулганда, аянттарга улутумду чакыргандан баштап, Улутум эгер 81 облустта аянттарга чыккан болсо, мына бул алардын эсептеринен тышкары кадам эле жана бул жерге болгон ошол кол салуу эле. Улутума бул чакырыкты саламын, экинчи бир буйрукка чейин бул аянттарды эч качан бош калтырбагыла”,-деп айтты.

Эрдоган сөздөрүн мындай улантты: “(ФЕТӨ) бул ушундай бир вирус болгондуктан метастазга айланыптыр. Мунун толук түрдө казылып алынышы мүмкүн эмес. Айрым учурларда бул казуулар да жетпейт. Эч ойлобогон жерден кайра көбөйө баштайт. Бирок биз жолубузду улантышыбыз үчүн муну тизгиндешибиз керек. Булар жашырынууну абдан кыйын билишет. Өздөрүн абдан жакшы сактай алышат. Булар букалемондон да өтүп кетет”.

Инвесторлорго да чакырык салган Президент Эрдоган, “Бардык инвесторлорубуз, инвестицияларыңызды эч токтотпоңуздар. Мурдагыдай эле чечкиндүүлүк менен жолуңарды уланткыла. Мамлекет катары биз да мамлекеттин инфраструктура жана курулуштарын эч качан токтотпойбуз”,-деди.



Тектеш кабарлар