Бинали Йылдырым Алан Дунканы кабыл алды

Дункан Түркия Парламентинде өткөн жолугушууда козголоңдо каза болгондор үчүн көңүл айтты

535106
Бинали  Йылдырым Алан Дунканы кабыл алды

Премьер – министр Бинали Йылдырым Англиянын Европа жана Америкадан жооптуу тышкы иштер министринин орун басары Алан Дунканы кабыл алды. Дункан Түркия Парламентинде өткөн жолугушууда козголоңдо каза болгондор үчүн көңүл айтып, президент Р. Т. Эрдоган жана премьер – министр Йылдырым башта болуу менен түрк калкынын террордук козголоңчуларга көрсөткөн тайманбастыгынан улам куттуктады. Колдошуу ичинде болушарын билдирген Алан Дункан күчтүү өнөктөш жана союздаш  Түркиянын коопсуздук жана ырааттуулугуна маани беришкендерин баса белгиледи.

Фетуллахчы террордук уюмга карата көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берген Йылдырым күрөштүн демократия жана укуктун эрежелеринин алкагында чечкиндүүлүк менен жүргүзүлөрүнө көңүлдөрдү бурду. Премьер – министр Йылдырым бул тууралуу батыштык коомчулукта ФЕТӨ жактоочулары тарабынан жаратылууга аракет кылынган жаңылыш түшүнүктөргө уруксат бербөө керектигин айтты.



Тектеш кабарлар