Түркияда 3 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Эрдоган, Өкмөттүн,Улуттук коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча бүтүндөй өлкөдө 3 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал (OHAL) жарыяланганын айтты.

533864
Түркияда 3 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Өкмөттүн,Улуттук коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча бүтүндөй өлкөдө 3 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал (OHAL) жарыялаганын айтты.

Эрдоган Улуттук коопсуздук кеңеши жана Министрлер кеңешинин жыйналыштарынан кийин чыгарылган чечимдерди жарыялады.

Өзүнүн жана өкмөтүнүн чечкиндүү турушу менен улуттун каршылык көрсөтүүсү аркылуу Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин ийгиликке жетише албаганын билдирген Эрдоган: «Мен улутум менен сыймыктанам. Бир төңкөрүш аракетинин улуттун өзү тарабынан чечкиндүүлүк менен мизи майтарылды. Ошол эле убакта 246 бейкүнөө адам каза болду, 1536 карапайым атуулубуз жараланды. Баатыр коопсуздук күчтөрүбүз менен сыймыктанам»,-деди.

Президент, өкмөт жарыя кылган бул өзгөчө кырдаалдын негизги максатынын демократияны үзгүлтүккө учуратпай, аны күчтөндүрүп, террор коркунучуна каршы тийиштүү чаралардын көрүлүшүн камсыздоо болгонун айтты.

Эрдоган, Түркиянын дуушар болгон коркунучу менен салыштырылбай турганчалык шарттарда өзгөчө кырдаал жарыялаган өлкөлөргө үн чыгара албагандар Өкмөттүн бул токтомун эч качан сындай албай турганын баса белгиледи.

Бүтүндөй өлкөдө экономикалык ырааттуулук улана турганын белгилеген Президент, Түркиянын насыя рейтинг көрүнүшү жана баасын төмөндөткөн S&Pны катуу сындады. Эрдоган: «Сен өз ишиңди кыл. Сенин биз менен эмне катышың бар. Булар ушундай абалдарды күтүшөт. Карап турсаң базарларга вирус да киргизишет. Бирок Түркияда шыктандыруулар жана реформалар үзгүлтүксүз уланат»-деди.

Атуулдардын демократиядан эч качан баш тартпай турганына ишенишин каалаган Президент, Түрк куралдуу күчтөрүнүн да өкмөт менен бирге кыймыл кылганынын билинишин талап кылды.

Президент сөздөрүн: «Эч качан шек санабаңыздар. Түркия бул жосунсуз окуяны ашып өттү» деп бүтүрдү.



Тектеш кабарлар