Төңкөрүш аракети болоорун алгач укканда ишене алган жокмун
Эрдоган кабардын туура экенин билээр замат түрк элине демократияны коргоп чыгуу чакырыгын салганын түшүндүрдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 15-июлдун кечинде ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетин туугандарынан бирөөнөн укканда буга ишенгиси келбегенин айтты.
Эрдоган: «Андан кийин Улуттук чалгындоо уюму жана башка булактардан да төңкөрүш аракети тууралуу кабарлар келди. Албетте дароо тийиштүү чараларды көрдүк»,-деп айтты.
Ал-Жазира телеканалына маек куруп берген президент, 15-июль түнү болгондорго сереп салды.
Президент Эрдоган кабардын туура экенин билээр замат түрк элине демократияны коргоп чыгуу чакырыгын салганын түшүндүрдү.
Эрдоган бул чакырык боюнча он миңдеген кишинин Түрк куралдуу күчтөрүнүн курамындагы кичине бир топтун төңкөрүш аракетине каршы көчөлөрдү коргогонун айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.