Эгедерлик улутка таандык

Башкы штабдан «Эгедерлик улутка таандык» билдирүүсү

533569
Эгедерлик улутка таандык

Фетуллахчы террордук уюмга мүчө козголоңчулардын төңкөрүш аракетинен кийин Башкы штабдын төрагалык имаратындагы санариптик жарнамалык щитке «Эгедерлик улутка таандык» деген жазуу коюлду.

Төңкөрүш аракети убагында Башкы штабдын төрагалык имараты козголоңчу офицерлердин көзөмөлүнө өтүп, башкы штабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акар жана айрым командирлер барымтага алынган болчу.

Ал түнү атуулдардын танкаларга, куралдарга көкүрөктөрүн тосушу козголоңчулардын максатына жетишине бөгөт болду.

Башкы штабдын төрагалыгы да элдин бул мамилесине жазуу түрүндөгү билдирүүсү менен ыраазычылык билдирди.

Башкы штабдын төрагасы армия генералы Акардын жарнамалык щиттен түрк желегинин фотосүрөтү менен «Эгедерлик улутка таандык» деген жазуусу бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар