Демократия нөөмөтү уланып жатат

Түркиянын 81 шаарында эл аянттарда

533363
Демократия нөөмөтү уланып жатат

Фетуллахчы террор уюмунун төңкөрүш аракетине каршы президент Режеп Тайип Эрдогандын чакырыгы боюнча 15-июлдан бери аянттарды толтурган жарандар Түркиянын 81 шаарында демократия нөөмөтүн улантып жатышат.

Анкарада демократия нөөмөтү кечки убактарда кайрадан башталды.

Жумуш убактысы аяктагандан кийин миңдеген киши колдорунда түрк желектери менен Кызылай аянтына чогулду.

Бир тараптан Бештепеде Президенттиктин комплексинин айланасында нөөмөтүн уланткан өзгөчө кечки убактарда сандары көбөйгөн атуулдар, Миллет мечитинде да намаздарын кылышууда. Намаздан кийин төңкөрүш аракетинде шейит болгондор үчүн Куран окулуп, дуба кылынууда.

Стамбулда да төңкөрүшкө каршыбыз деген миңдеген киши демократия нөөмөттөрүн улантып жатышат.

Таксим янтындагы демократия нөөмөтүнө катышкан миңдеген кишинин арасында өнөрпоздор жана радио кызматкерлери да бар эле.

Кысыклыда президент Эрдогандын үйүнүн алдындагы аянтта чогулган жарандар, өнөрпоздордун да катышуусунда төңкөрүшкө каршыбыз, демократияга макулбуз дешти.

Сарачханедеги демократия нөөмөтүнө Стамбулдун мэри Кадир Топбаш да катышты.



Тектеш кабарлар