Бүткүл дүйнөдөн Түркияга колдоо

Фетуллахчы террордук уюмдун козголоң кыймылына дүйнөдөн каршы чыгуулар уланууда

533508
Бүткүл дүйнөдөн Түркияга колдоо

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер – министр Хүсейин Өзгүргүн түрк улутунун өзүнө жараша тургандай  түрдө демократияга ээ чыккандыгын айтты. Өзгүргүн Ата Мекен канчалык жакшы болсо өздөрүнүн да ошончолук жакшы болушарын, Түркияда тынчтык болсо Түндүк Кипр Түрк Республикасында да тынчтык болорун белгиледи.

Ирак Күрдистан Аймактык Башкаруусунун төрагасы Нечирван Барзани да : «Бүгүн калктын колдоосун алган легитимдүү өкмөттүн милдетин аткарып жаткандыгына кубанычтуубуз»,- деди.

Түркияда болгон козголоңдун ийгиликсиз болушу жана  элдин эркинин жеңишке жетишүүсүнөн улам кубанычтуу экендерин  белгилеген Барзани ийгиликсиз сокку кыймылы менен элдин эркинин күчтүүлүгү дагы бир жолу  далилденгендигин белгиледи. Ошол эле учурда Фетуллахчы террордук уюмдун  кыймылына каршылык көрсөтүү, президент Р. Т. Эрдоганды колдоо максатында Косовада фейсбук аркылуу ачылган бет жарандардан абдан чоң кызыгуу көрдү. «Косовадан Эрдоганга колдоо» деген ат менен ачылган бет кыска убакытта 22 миңден ашуун киши тарабынан жактырылды.

 



Тектеш кабарлар