Премьер - министр Бинали Йылдырым Гүлен үчүн АКШга 4 досье жиберишкендерин айтты

Стамбул республикалык прокурорлугу эки башка териштирүү баштап, биринчи кармалуусу керек болгон киши Фетуллах Гүлен көрсөтүлдү

532864
Премьер - министр Бинали Йылдырым Гүлен үчүн  АКШга 4 досье жиберишкендерин айтты

Премьер – министр Бинали Йылдырым Фетуллахчы террордук уюмунун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын  негизги жооптуусу Фетуллах Гүлендин тапшырылышы үчүн АКШга 4 досье жиберишкендерин билдирди.

АКШнын тапшыруу тууралуу мамилесин да сынга алган Йылдырым : «11 -  сентябрда эгиз мунаралар кулатылганда террористтерди сураганда далил сурадыңарбы? Гуантанамодо да шектүү кишилерди чогултканда колуңарда далил бар беле? Бин Ладен үчүн далил сурабастан, болгон окуялар ачык ортодо турса Фетуллах Гүлен үчүн далил сурайсыңарбы? Бул террористти коргоодон баш тарткыла. Мунун силерге да пайдасы жок, адамзатка да пайдасы жок, исламиетке үчүн да пайдасы жок. Бул параллель террордук уюмдун эч бир өлкө үчүн пайдасы болбойт»,- деди.

Фракция жыйынынан кийин журналисттерге маалымат берген адилеттик министри Бекир Боздаг да Гүлендин тапшырылышын талап кылган 4 досьенин америкалык жетекчилерге элктрондук почта аркылуу билдирилгендигин белгиледи.

15 -  июль жума күнү кечинде ФЕТӨчу террористтердин кандуу кыймылы ийгиликсиз бүткөндөн кийин Стамбул республикалык прокурорлугу эки башка териштирүү баштап, биринчи кармалуусу керек болгон киши Фетуллах Гүлен көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар