АКШ Фетуллах Гүленди кайтарып бербесе башкача ой пайда болот
Фетуллах Гүленди кайтарып бербеген учурунда, Америка Кошмо Штаттарынын бул кишини карамагына алганы ойлонула турганын айтты.
Президенттин катчысы Ибрахим Калын,Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысы Фетуллах Гүленди кайтарып бербеген учурунда, Америка Кошмо Штаттарынын бул кишини карамагына алганы сыяктуу ойлор пайда боло турганын айтты.
Калын, 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин танка жана тик учар менен кошо дайынсыз жоголгон аскердик унаа жөнүндөгү айтымдарды төгүнгө чыгарды.
Жеке менчик бир телеканалга ачыктоо жасаган Ибрахим Калын, армиядагы камактардын ДЕАШ жана ПКК сыяктуу террор уюму менен күрөшүүгө таасир тийгизбей турганын баса белгиледи.
Президенттиктин катчысы төңкөрүш аракетинин армиянын кичине бир фракциясы тарабынан жүргүзүлгөнүн белгилеп, ушул себептен Түркиянын коопсуздугуна таасири тийбей турганын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди
Бул тууралуу Дүйнөлүк Мусулман Аалымдар Биримдиги тарабынан жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.