Премьер-министрдин Кызылайдагы кайрылуусу

Бинали Йылдырым, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетине кошулган аскердик форма кийип алган мыкаачылардын кылгандарына эң оор түрдө жаза берилет.

531669
Премьер-министрдин Кызылайдагы кайрылуусу

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетине кошулган аскердик форма кийип алган мыкаачылардын кылгандарына эң оор түрдө жаза бериле турганын айтты.

Премьер-министр Йылдырым, Анкара Кызылай аянтында ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүү үчүн чогулган атуулдарга кайрылды.

Йылдырым сөздөрүн, «Улутту тизелете алышпайт»,-деп баштады.

Аянтта тургандарга, «Сиз 15-июлдагы төңкөрүш аракетин четке каккан жана улуттун үнүн дүйнөгө угузган азиз Түрк улутунун уулдарысыз»,-деп үн салган Йылдырым, атуулдардын, «Өлүм жазасын талап кылабыз» деп айгай салуулары боюнча талаптарды түшүнгөнүн белгиледи.

Улутунун үстүнө бомба менен, ок , танка , мылтык менен кол салгандардын түрк аскери боло албай турганын баса белгилеген Йылдырым: «Булар аскер формасын кийип алган жаныбарлар, террористтер жана буларга чара көрүлөт. Булар кылгандарына эң оор түрдө жооп беришет. Төңкөрүш аракетин кылган параллель банданын адамдары менен ардактуу түрк армиясын чаташтырбагыла. Эч шек санабагыла булар акыры барып кылгандарына жооп беришет»,-деп кайрылды.

Йылдырым, 15-июлдан кийин эч бир нерсенин мурдагысындай болбой турганын баса белгилеп, бул күндүн Демократия майрамы болгонун жана ал майрамдын моокум кангыча майрамдалышын талап кылды.

Атуулдарга күндүз ишке баруулары кечинде болсо демократия нөөмөттөрүн улантуулары чакырыгын салган өкмөт башчы Йылдырым, «Булардын тамырын кыйганга чейин биз уктай албайбыз. Уйку арам болот»,-деп айтты.

Бул төңкөрүш аракетинин Түркияда дагы бир нерсени ортого чыгарганын белгилеген өкмөт башчы, «Ал да, төңкөрүшкө каршы бардык партиялардын кайсы көз карашта болсо дагы биригүүсү, кол сармашуусу, бардыгы чогуу айкырышы. Бул улуттун атынан, өлкөмдүн атынан, бул мыкаачылык төңкөрүш аракетине каршы партия айырмачылыгы болбостон, улутчулу, деморкаты, либералы болуп бардык тармактан атуулдарыбызга ырахмат айтамын. Анткени биз төңкөрүшчүлөргө жана дүйнөгө бир нерсе айттык, мына Түркия ушул. Маселе мамлекет маселеси болгон соң башкасына көңүл бурулбайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар