Түркиялыктар төңкөрүш аракетине каршы аянттарга чыгышты

Түркиялыктар ФЕТӨго каршы туруп, 81 областта аянттарды толтурушту.

531212
Түркиялыктар төңкөрүш аракетине каршы аянттарга чыгышты

Фетхуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) мүчөсү болгон аскер тобу тарабынан 15 – июлда төңкөрүш аракети болду. Ага Түркиянын 81 областынын жарандары каршылык көрсөттү.

Анкарада Кызылай, Стамбулда Таксим аянтында, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын турак үйү жайгашкан Үскүдар Кысыклыда башталган акцияларда жарандар кечээги күндөн бери демократияны коргоо үчүн күрөшүп келүүдө.

Кээ бир шаарларда чоң мониторлордо көрсөтүлүп жаткан өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдогандын кайрылуусун калтырбай көрүштү. Колдоруна Түркиянын байрагын кармап алып, «Ийилбе, эл сени менен!», «Полицияга көтөрүлгөн колдор сынсын!» деген ураандар менен чыгып калк аянттарды толугу менен толтурду.

Эркек аял, кары - жаш дебей, шаарлардын аянттарында чогулган элге коомдук уюмдар колдоо көрсөттү.Аскердик көтөрүлүшкө каршы турган эл өкмөт жана президенти Эрдоганды колдогон ураандар менен чыкты.

Эрзинжандын Үзүмлү айылындагы каршылык көрсөткөндөргө Ахыска түрктөрү жардам берди. Өлкөсүндөгү чыр-чатактардан качып Афионкарахисарга келип жайгашкан ирактыктар да  Анытпарк аянтында Фетхуллахчы террор уюмунун төңкөрүш аракетине каршылык көрсөттү. Килисте да Жумхуриет аянтындагы митингдерге Сириядан баш калкалап келгендер колдоо көрсөттү.

 



Тектеш кабарлар