ФЕТӨ мүчөсү 754 киши кармалды

Гөлбашы прокурорлугу кол салууларда 42 кишинин каза болгондугун билдирди

530381
ФЕТӨ мүчөсү 754 киши кармалды

ФЕТӨ (Фетуллахчы террордук уюм) менен байланышта болгон бир группа аскер улуттун куралы менен элге ок атты. Кээ бир жерлер бомбаланды, калкка карата танктарды айдашып, ок атышты.

Учак жана аскердик тик учарлар президенттик комплекс, башкы штабдын төрагалыгы, Улуттук чалгындоо уюму, Анкара коопсуздук директорлугу, Гөлбашы полициялык атайын кыймыл борборун бутага алды.

Гөлбашы прокурорлугу кол салууларда 42 кишинин каза болгондугун билдирди.

Түркия парламентине көп сандаган бомба атылды. Парламентте бомбалардын атылуусу менен 12 полиция жараланды.

Премьер – министр Бинали Йылдырым  аскердик сокку кыймылында орун алган бир генералдын өлтүрүлгөндүгү боюнча маалыматтын келгендигин жана араларында полковниктер да болгон 130 аскердин камоого алынгандыгын айтты. Премьер – министр башкы штабдын төрагалыгына өкүл катары 1 -  Армиянын командири армиянын генералы Үмит Дүндардын дайындалгандыгын билдирди. Йылдырым : «Оппозициянын лидерине рахмат айтамын, демократияга ээ чыгышты, сокку кыймылына каршы экендигин билдирип, өкмөтүбүздүн жанында орун алды. Экинчиси жарандарыбыз көчөлөрдү соккучуларга калтырган жок, жарандарыбызга рахмат айтамын. Бирок  жарандар үйлөрүндө отурбасын, аянтттарга чыгышсын»,- деди.

Ички иштер министри Эфкан Аланын буйругу менен ФЕТӨ мүчөсү 29 полковник жана 5 генерал кызматынан алыстатылып, сокку кыймылын баштаган ФЕТӨ мүчөсү 754 киши кармалды.



Тектеш кабарлар