Эрдоган АКШга чакыруу салды

Эрдоган Обамага : «Эгерде биз стратегиялык өнөктөш болгон болсок бул талабыбызды орундат»,- деди

530851
Эрдоган АКШга чакыруу салды

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын президенти Барак Обамадан Фетуллахчы террордук уюмдун Пенсилванияда жашап жаткан башчысын Түркияга тапшыруусун суранды. Стамбулдагы турак жайынын алдында чогулган калкка кайрылган Эрдоган Обамага : «Эгерде биз стратегиялык өнөктөш болгон болсок бул талабыбызды орундат»,- деди.

 Президент Эрдоган козголоң кыймылдарынын түрк куралдуу күчтөрүнүн ичинде бир шишик сыяктуу экендигин жана бул шишиктин тазалангандыгын белгиледи. Эрдоган Түркиянын өнүгүшүн көрө албагандардын операциясы деп мүнөздөгөн козголоң кыймылынын калктын аянттарга чыгышы менен тоскоолдукка учурагандыгын баса белгиледи.

Президент калкты түрк куралдуу күчтөрү менен бетме – бет алып келүүгө аракет кылган тышкы кошумча күчтөрдүн оюнуна ишенбеши керектигин да  айтып, бирдикте келечекке карай басууга чакырды.

Президент Эрдоган : «Бул өлкөнү 3 – 4 террористке таштабайбыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар