Дүйнөнүн бардык тарабынан Түркияга колдоо келип жатат

Европа Биримдиги Түркияда шайланган өкмөттү, өлкөнүн мекемелерин жана укугун толугу менен колдогондугун билдирди

530442
Дүйнөнүн бардык тарабынан Түркияга колдоо келип жатат

 

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск Европа Биримдиги комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана  Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Федерика Могерини Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн атынан сокку кыймылына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат жарыялашты. Маалыматта бул сөздөр орун алды : «Түркия Европа Биримдиги үчүн маанилүү өнөктөш. Европа Биримдиги демократиялык жолдор менен шайланган өкмөттү, өлкөнүн мекемелерин жана укугун толугу менен колдойт. Түркияда конституциялык тартипке ылдам түрдө кайтууга чакырабыз.  Абалдарды жакындан иликтөөнү улантабыз».

Европа кеңешинин баш катчысы Торбьерн Ягланд да : «Демократия, адам укуктары жана укуктун үстөмдүгүн жактаган Европа Кеңешинин мүчөсү болгон Түркияда демократиялык жол менен шайланган лидерлерди кулатууга карата кыймыл кабыл алынбайт»,- деди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да : «Стамбул жана Анкарада ФЕТӨнун (Фетуллахчы террордук уюм) сокку кыймылы тууралуу тынчтык жана Түркиянын демократиялык мекемелери менен конституциясына толук урмат – сый көрсөтүүгө чакырамын. Түркия НАТОнун негизги  союздашы»,- деди.

АКШ башкаруусу да Түркияда демократиялык жолдор менен шайланган өкмөттү колдоого чакыруу жасалды. Мамлекеттик катчы Жон Керри тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуна АКШнын Түркиянын демократиялык жолдор менен шайланган, жарандык өкмөткө жана демократиялык мекемелерине толук колдоо бергендигин билдирди.

Босния Герцеговинанын мамлекет башчылыгы кеңешинин төрагасы Бакир Изетбегович да Стамбул жана Анкарадагы аскердик кыймылга байланыштуу : «Армиянын милдети мамлекетин коргоо, башка нерсе эмес. Армиянын текшерүүнү колго алуу укугу жок»,- деди.

Изетбегович түрк калкын эркиндикти, демократияны, шайлоо укугун коргоо, президенттин жана өкмөттүн жанында болууга чакырды.

Азербайжандын тышкы иштер министрлиги да Түркиядагы сокку кыймылына каршы түрк калкы менен мамлекетинин жанында экендигин баса белгиледи. Министрликтен берилген маалыматта : «Бир тууган Түркияда болуп жаткан окуялар биздин да тынчыбызды алып жатат. Бул демократиялык Түркия калкы шайлаган өкмөткө каршы бир группанын жасаган сокку кыймылы. Түрк калкы жана мамлекети биримдикти көрсөтүп каршы чыкты. Бир тууган Түркия калкы жана мамлекеттин жанында экендибизди дагы бир жолу билдирип, бардык нерсенин калыбына келишине ишенебиз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар